Быйыл Казакстан мамлекеттик кызматтын 80 % электрондук форматка өтөт

Быйыл Казакстан мамлекеттик кызматтын 80 % электрондук форматка өтөт

Өткөн жылы Казакстан электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли боюнча 39-орунду ээледи. Мындай изилдөөнү БУУ өткөргөн. E-Gov порталы аркылуу 30 миллиондон ашуун мамлекеттик кызмат көрсөтүлүп, катталган колдонуучулардын саны 8,5 миллиондон ашты. Өкмөттүн электрондук порталында катталган эң керектүү кызматтардын бири – саламаттыкты сактоо. Казакстандыктар 4 айдын ичинде бул кызмат менен 70 миң жолу колдонушкан. Өзөктүү кызмат көрсөтүүлөрдүн катарында бизнести өнүктүрүү кызматтары бар. 165 кызматтын жарымы электрондук форматта гана көрсөтүлөт. Алар лицензия, уруксаттама документтери жана субсидиялоо. Жакынкы арада дагы 140 кызмат электрондук форматка өткөрүлөт. 

ДАУРЕН АБАЕВ, КР МААЛЫМАТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯ МИНИСТРИ:

- Кабыл алынган аракеттердин аркасында 2019-жылы 80 пайыз, ал эми 2020-жылы 90 пайыз мамлекеттик кызмат автоматташтырылат. Жылына кагаз түрүндө берилген документтердин саны 110 миллионго кыскарат. Бүгүнкү күндө биз көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтар болушунча түшүнүктүү, жеткиликтүү жана пайдалуу болушу үчүн бардык аракеттерди кылып жатабыз.

Дагы бир маанилүү милдет – бул Мgovду өнүктүрүү. Бүгүнкү күндө электрондук өкмөттүн мобилдик тиркемесинде 90го жакын кызмат көрсөтүлөт. Жакынкы арада бул тизме дагы өсөт. Бул максатка жетүү үчүн электрондук өкмөттүн мобилдик жана веб-нускасы синхрондоштурулат.