Костанайлык жаш өспүрүм интернет ресурстарынын алсыз жактарын аныктай турган программа жасап чыгарды

Костанайлык жаш өспүрүм интернет ресурстарынын алсыз жактарын аныктай турган программа жасап чыгарды

Казакстанда ар түрдүү деңгээлдеги жаңылыктар күн сайын ачылып турат. Мугалимдер менен окуучулар да илимий-изилдөө жумуштарына өз салымдарын кошууда. Костанайлык жаш өспүрүм интернет ресурстарынын алсыз жактарын аныктай турган программа жасап чыгарды. Бул – 11-класстын окуучусунун өзү ойлоп тапкан эмгеги. Программаны алыстан башкарууга болот. Ошондой эле ал веб-порталдын кандайдыр бир кемчилиги болсо аны тез арада аныктайт. Жаш ойлоп табуучу азыркы санариптештирүү заманында кибер-чабуулдан коргонуунун мааниси жогору экендигин айтат. Ал жаңы программанын интернет коопсуздугун камсыз кылууга таасирин тийгизерине ишенет. Жакында аны патенттеп алуу оюнда бар.

ПЁТР ШИЛОВ, ЖАШ ОЙЛОП ТАБУУЧУ:

- Ушул скрипти жазууда программалоонун тилин билдим. Жеке маалыматтарды уурдагандарга каршы туруу үчүн ушундай программаны жасап чыгардым.

Аны менен катар, Алматы облусунда айыл мектептериндеги мугалимдер, мектеп окуу программаларынын китептерине арналган мобилдик тиркемени даярдап чыгышты. Бүгүнкү күндө 5-11-класстын окуучулары үчүн 30 көркөм адабият санариптештирилген. Жакынкы келечекте мугалимдер бардык китептер менен электрондук китепканалардын санариптик нускаларын жасоону мерчемдеп жатышат. Ушундай жагдайларда, мугалимдер окуучулардын билим алуусуна бардык шарттарды жеңилдетүүнү караштырууда.

АРДАК КЫРЫКБАЙ, ШЕЛЕК РАЙОНУНУН МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Биз мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ушул китептердин аудио нускасын жасадык. Алардын көзү начар же такыр көрбөгөндүктөн окуй алышпайт. Ошондуктан балдар бул сабактарды уга алышат.