Санариптик сейсмикалык карта

Санариптик сейсмикалык карта

Үйлөрдүн техникалык абалы тууралуу маалымат санариптик форматка өткөрүлдү. Алматылык архитекторлор имараттардын электрондук паспортторун жасап жатышат. Азыркы тапта 10 миңге жакын объект санариптештирилген. Жаңы технологиялардын аркасында кайра мерчемдөөгө жумшалган убакыт 2 эсеге кыскарды. Санариптештирүүнүн жардамы менен курулушту баштоого талап кылынган уруксат кагаздарын алуу да мүмкүн болуп калды.

АЛМАСХАН АХМЕДЖАНОВ, АЛМАТЫ ШААРЫНЫН АРХИТЕКТУРА ЖАНА ШААР КУРУЛУШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз архитектура-мерчемдөө тапшырмасын электрондук түрдө алуу ыкмасын даярдадык. Башкача айтканда, өз үйлөрүнөн чыкпастан өтүнмөнү тапшыра алат. Ал өтүнмө системалуу иштетилет. Картада бул объекттин кайсы жерде жайгашкандыгы көрсөтүлөт. Аталган объектке өткөрүлө турган инженердик коммуникацияларды да көрүүгө болот.

Адистер заманбап аэро-фото тартууларынын жардамы менен шаарды толуктай сканерлеп, 3Д башкы мерчемин түзүштү. Санариптик карта шаар курулушу менен байланыштуу көптөгөн иш-чараларды онлайн режимге өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

АЛМАСХАН АХМЕДЖАНОВ, АЛМАТЫ ШААРЫНЫН АРХИТЕКТУРА ЖАНА ШААР КУРУЛУШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Мамлекет башчысы айткан бардык реформалар ишке ашырылып, бир катар иштер аткарылды деп ойлойм. Мисалы, уруксат алуу жараяны болушунча жеңилдетилди. Ушуга чейин бардык кызматтар жекече караштырылып келген. Азыркы тапта алардын баары бир серверге бириктирилип жатат.

Адистер санариптик карта көптөгөн инвесторлор үчүн кызыктуу болот деген пикирде.