Кайра жанма энергия булактар долбоорлорун тандоо аукциондору

Кайра жанма энергия булактар долбоорлорун тандоо аукциондору

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандагы “жашыл” энергиянын үлүшү 1,3 пайызды түздү. Тармактык мекеменин маалыматына ылайык, кайра жанма энергия булактары 500 мегаватт иштеп чыккан. Казакстан 2018-жылы биринчи жолу инвесторлорду тартуу максатында кайра жанма энергия булактар долбоорлорун тандоо аукциондорун өткөрдү. Катышуучуларга өлкөдө 1 гигаватт кубаттуулукту иштеп чыгуу сунушталган. Белгилей кетсек, кайра жанма энергия булактарынын аукциондору 64 өлкөдө өткөрүлүп келет. Алар аталган тармакка инвесторлорду тартуу жана атаандаштыкка туруктуу электр энергиясынын наркын калыптандырууга жол ачат.

САЛТАНАТ РАХИМБЕКОВА, “ЖАШЫЛ” ЭКОНОМИКА ҮЧҮН КОАЛИЦИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Аталган аукциондордун жыйынтыгы менен бүгүнкү күндө күн электростанциянын бир киловаты 22 теңгени, ал эми шамалдыкы – 20 теңгени түзөт. 2020-жылга карай кайра жанма энергия булактарынын үлүшү 3 пайызды түзүшү шарт. Аукционго 100дөн ашуун компания катышты деп айтсак болот. Бүгүнкү күндө 2 аукциондун жыйынтыгы боюнча 30дай келишимге кол коюлду. Бул 15 жылга. Белгиленген тарифтер.

Серепчилердин айтымында, аукциондордун жыйынтыгы боюнча 300 миллиард теңге инвестиция тартылган. Республикада күн жана шамал электростанциялары курулат. Долбоорлор Чыгыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Мангыстау, Алматы, Акмола жана Костанай облустарында ишке ашырылат. Эскерте кетсек, жалпы 2020-жылга карай 124 кайра жанма энергия объектин ишке берүү көздөлүүдө. Ошондой эле өткөн жылы «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүндө сунушталган заманбап технологиялар Казакстанда жигердүү түрдө киргизилди.

ЕЛДОС АБАКАНОВ, КР ЭКОЛОГИЯЛЫК УЮМДАР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- «ЭКСПО» көргөзмөсү өткөрүлгөндөн кийин, өлкөгө киргизүүгө жараган “ЭКСПОнун” мурастары катары 100дөн ашуун долбоордун тизмеси түзүлгөн. Расмий же ачык маалыматтардын аркасында Казакстандагы ири ишканалар аталган технологияларды киргизүүнүн жолдорун караштырып жатышат. Ошондой эле башында акимат турган ар бир жергиликтүү аткаруучу орган бул мүмкүнчүлүктөрдү изилдешүүдө.

Аймактарда «ЭКСПОнун» мурастары катары саналган 30 технология киргизилди. Бул технологиялар салттык күйүүчү майды колдонууну төмөндөтүү, шаарды жана курчаган айлана чөйрөнү жакшыртууга, ошондой эле атмосферага зыяндуу чыгындарды азайтууга багытталган.