«Акылдуу шаар» долбоору: Актөбө шаары

«Акылдуу шаар» долбоору: Актөбө шаары

Адистердин эсептөөлөрү боюнча  2030 -жылга карата жер бетинде  600дөн ашык  «акылдуу» шаар болот. Алардын бешөө биздин өлкөдө болмокчу. «Санариптик Казакстан» мамлекеттик программасынын алкагында Астана, Алматы, Караганда, Чымкент жана Актөбө шаарларын санариптештирүү каралган. Актөбө муну менен катар эле эл аралык деңгээлдеги калаага айлануусу керек. Бүгүнкү күндө  «акылдуу  технологиялар» жашоонун баардык тармактарына аралашып, анын ажырагыс бөлүгүнө айланууда.  Адамдар калкты тейлөө борборунун кызматкерлеринин кызматына сейрек кайрылып калышты. Жаңыланган  «Элдик кеңседен» электрондук маалымкаттарды  тез жана оңой алууга болот.   

БАЛКИЯ БИРМАГАМБЕТОВА, ШААР ТУРГУНУ:

– Жаңылануулар менен санариптешүүнүн аркасында зарыл болгон маалымкатты бир-эки мүнөттө эле алса болот.  Бул жарандар үчүн абдан зарыл кызмат. Баардыгы ушундай калыпка өтсө абдан жакшы болоор эле.

Облустук борбордо дагы «Сейф-сити» санариптик кызматы ишке киргизилген. Долбоор жол коопсуздугун камсыздоого багытталган. Мунун алкагында  акылдуу чырактар, аялдамалар жана унаа токтотуучу жайлар каралган. Келечекте турак жайлардын короолорундагы жана коомдук жайлардагы он миң   видеокамералар бирдиктүү талдоочу борборго бириктирилмекчи.

ИЛЬЯС ИСПАНОВ, АКТӨБӨ ШААРЫНЫН БАШЧЫСЫ:

– Биз жолдо тартип бузууну тез аныктап, айдоочуларды жолдогу  абал тууралуу маалымдоо менен кырсыктардын алдын алуу мүмкүн болот.  Мындан тышкары биз жүргүнчү ташуу тармагында дагы иштеп жатабыз. Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн  азырынча тесттик режимде транспорттук программаны ишке киргиздик. 46 каттамда электрондук билеттер иштеп жатат.  Муну менен катар жол кирени   SMS аркылуу төлөөгө дагы болот.

Ал эми «Маалыматтык Казакстан» программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Ел айна» долбоорун  2020-жылга карата толук иштеп чыгуу мерчемделүүдө. Мында Актөбө шаары  тууралуу баардык зарыл болгон маалыматты санариптик тиркеме аркылуу алуу мүмкүн болот.

Батыш Казакстан облусунда 50дөн ашык санариптик долбоор ишке ашырылууда. Жакында эле аймакта «Smart Uralsk» мобилдик тиркемеси ийгиликтүү ишке киргизилди. Бул жол көрсөткүчтүн ролун аткарат. Өлкөдөгү дагы бир ийгиликтүү долбоор бул  «Жеткиликтүү акимчилик» долбоору. Бул документтерди кабыл алуудагы ыңгайлуу аянтча болуп саналат.  Ар бир ай сайын бул жерге мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн орточо 4 миң уралдын тургундары кайрылышат. Мындагы архитектура, жер мамилелери, айыл чарба жана канцелярия  бөлүмдөрү 10 мамлекеттик жана 18 кошумча кызматтарды аткарышат.  Белгилей кетсек, уралдыктардын тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Актау, Атырау, Актөбө жана Көкчөтоо акимчиликтеринин өкүлдөрү келип кетишкен. 

АЛЕКСЕЙ ГУРИН, УРАЛЬСК ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Бул чындыгында эле абдан ыңгайлуу кызмат экен. Акимчилик жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды. Бул аркылуу баардык маселелерди тез чечип алуу мүмкүн. Негизи биринчи жолу документтерди каттатып жатам, таң калтырганы бир күндүн ичинде эле баардыгын бүтүрүп алдым.  

НУРСУЛТАН НУРЛАН, МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТАР МЕНЕН АРХИВДЕРДИ МААЛЫМАТТАШТЫРУУ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Бул тиркеме ар кайсы жакта жайгашкан  кызматтарды бирдиктүү сактоого багытталган. Мен мисал катары көрсөтө кетсем, мына бул  транспорт. Биз учактар тууралуу маалымат алуу үчүн атайын кызматтар менен автобекеттерге чалышыбыз керек. Бул жерден болсо мунун  баардыгын  тапсаң болот.

«Smart Uralsk» уюлдук тиркемесинде 30 электрондук кызматтар камтылган. Бул жерден транспорт каражаттарынын  иш тизмегинен тартып, дарылоочу жана билим берүүчү жайлардын порталдарына чейин табууга болот. Мында шаардыктар турак жайга кезегин, өзү катталган шайлоо аймагын  жана жергиликтүү эмгек базарынан жумуш карап таап алуу дагы мүмкүн.