Актөбө облусунда өлкөдөгү ири шамал электр станциясынын курулушу башталды

Актөбө облусунда өлкөдөгү ири шамал электр станциясынын курулушу башталды

Казакстан кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүдө ийгиликтүү кадамдарды жасоодо. Адистердин эсептөөлөрү боюнча, 2050 -жылга карата өлкөдө өндүрүлгөн энергиянын жарымы  альтернативдүү болушу керек. Актөбө облусунда өлкөдөгү ири шамал электр станциясынын курулушу башталды. Ал италиялык корпорациянын казакстандын заманбап энергетика тармагына салган масштабдуу инвестициясы болуп саналат. Долбоордун наркы 33 миллиард теңгеден ашат. Станциянын кубаттуулугу 48 мегаваттты түзмөкчү. Каркалы аймагында кыймылдаткыч түтүгүнүн диаметри 130 метр, ал эми мунарасынын бийиктиги 85 метрди түзгөн 13 бара орнотулмакчы. Шамал бекетин быйылкы жылдын аягында ишке киргизүү мерчемделүүдө.

НУРТУГАН ОРАЛБАЕВ, ОБЛУСТУК ИНДУСРТИАЛДЫК-ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ  БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Шамал электростанциясы  аймакты  саатына 198 киловатт электроэнергисы менен камсыздайт. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу Өлкө башчысынын кайрылуусунда белгиленген өлкөнүн жашыл экономикага өтүү негиздери менен келечектин экономикасы, альтернативдүү энергетика  багыттарын камтыйт.

Муну менен катар эле Жамбыл облусунда Борбор Азиядагы эң ири «Бурное Солар-2» күн электростанциясы кубаттуулугун жогорулатты. Учурда бул жерде 100 мегаватт кубаттуулукка ээ  377 миң күн батареялары иштөөдө. Күнөстүү учурда алардын ар бири  күнүнө 330 миң киловатт саатка чейинки электр энергиясын иштеп чыгат. Күн электростанциясынын иши толугу менен автоматташтырылып, адистердин танымсыз көзөмөлүндө.

НУРЛАН КАПЕНОВ, КҮН ЭЛЕКТРОСТАНЦИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

-  100 МВт  кубаттуулуктагы СЭС долбоорун ишке ашырууда биз 35 миллион долларга барабар  чет элдик инвестицияларды тарттык. Эки долбоордун жалпы наркы  50 миллиард  теңгеге жетти.

Учурда Казакстанда  55  шамал элекстр станция объекти бар. 2020 -жылга чейин дагы  52 ишке киргизүү мерчемделүүдө. Алардын жалпы кубаттуулугу  2 гигаваттка жетет. Бүгүнкү күндө 47 миллиард 800 миллион  долларга бааланган 145 инвестициялык долбоорлордун тизмеси иштелип чыккан. Белгилей кетсек, чет элдик инвесторлор  аларга өзгөчө кызыгууларын билдиришүүдө.