IT-технологиялар тармагын өнүктүрүү

IT-технологиялар тармагын өнүктүрүү

Бүгүнкү күндө Казакстанда жогорку технологиялык долбоорлорду колдоо  менен стартап маданияттын калыптануусуна өзгөчө көңүл бурулууда. Адистердин пикиринде жаш ойлоп тапкычтардын креативдүү жана таланттуу идеяларынын аркасы менен  республика өзүн өнүккөн өлкө катары көрсөтө алат.  Инновациялык долбоорлор билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук жана интернет сатуулар тармактарында сунушталган. Мисалы «акылдуу» кулпулар жарандардын коопсуздугун камсыздашат. Ойлоп тапкычтардын айтымында эми көп сандаган  пульттар менен тиркемелердин зарылчылыгы жок. Баардык кулпуларды  уюлдук телефондогу бирдиктүү ачкычтын жардамы менен ачууга болот.

КАНАТ КЕЛЬДИБЕКОВ,  IT-ДОЛБООРДУН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

- Бүткүл дүйнө боюнча   жүздөн ашык  акылдуу кулпуларды чыгаруучу атаандаштарыбыз бар. Биз алардан эмнебиз менен айырмаланабыз? Алар ар бир кулпуга  өзүнчө тиркеме түзүшкөн. Анан албетте ар бир кулпунун жеке ачкычы бар.  Биздин тиркеме болсо ар бир кулпуга, ар бир системага туташып, баардыгын өзү эле  башкара алат.

Казакстандык адистер балдардын коопсуздугун камсыздоочу уюлдук GPS тиркеменин өз версиясын  дагы ойлоп табышкан.  Ал максималдуу түрдө биздин күнүмдүк турмушка ыңгайлаштырылган. Мында атайын кооптуу баскыч бар жана бала оюнга алаксып чалганда укпай жатса алыстан туруп үнсүз режимди өчүрүүгө болот. Ошондой эле  ата-энелер чүрпөсүнүн канча убакыт социалдык тармактарда отурганын жана көбүнчө кайсы сайттарга киргенин көзөмөлдөп туруу мүмкүнчүлүгү бар.

ТАЛГАТ АЯПОВ, IT-АДИС:

- Биздин тиркеме азыр акысыз иштөөдө. Ар бир ата-эне кайсы жерде жашабасын буга  бекер кошулуп, баласынын баскан жолун көзөмөлдөп тура алат. Азыркы күндө көпчүлүк жаш балдар чөнтөк телефонуна көз каранды болуп калышты. Биз буюрса алдыда телефондогу оюндар 2 гана саат иштеп, бул убакыт аяктагандан кийин ал өз алдынча блокко түшүп, балага чалуулар менен смс билдирүүлөрдү жөнөтүү гана жеткиликтүү болуп калгандай кылып иштеп чыгууну көздөп жатабыз.

20 жаштагы Мукаш Бекен уулу Актауда өткөн жылы 4 стартап долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга жетишкен.  Алардын бири жаштар үчүн заманбап   үйдө отуруп иштөө борбору.  2019-жылы  жаш ишкер   «Демеу» аталышындагы жаңы долбоорду жүзөгө ашырууну мерчемдөөдө. Ал аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдөгү балдарга  бизнестин негиздерин акысыз үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү.

МУКАШ БЕКЕНУЛЫ, КООМДУК ФОНДДУН ЖЕТЕКЧИСИ:

 - Биз семинар-тренинг форматындагы ири иш чара өткөрдүк. Ага  1500дөн ашык  студент катышты. Муну менен катар  200 студент үчүн долбоорлоо тематикасындагы атайын семинар дагы уюштурдук.  Биздин максатыбыз жок дегенде ар бир колледжде экиден социалдык долбоорлорду ишке ашырып, жаштарды бул ишке болушунча көбүрөөк тартуу болуп саналат. Менимче биздин максатыбыз ишке ашты деп ойлойм.

Ушул жана башка долбоорлор азыркы күндө тестирленүүдө. Жаштардын демилгесин колдоону көздөгөн  инвесторлор дагы бар.   Мындан тышкары Технологиялык өнүгүү боюнча улуттук агенттиктин маалыматына  ылайык,   2019-жылдан тартып эң мыкты стартап-долбоорлор 50 миллион теңгеге чейинки мамлекеттик гранттарды ала алышат.