Казакстан агроөнөржай комплексин экологиялык жана органикалык азыктарды өндүрүү менен өнүктүрөт

Казакстан агроөнөржай комплексин экологиялык жана органикалык азыктарды өндүрүү менен өнүктүрөт

Казакстан 2021-жылы экологиялык жактан таза жашылча жана мөмө-жемиштерди өндүрүү боюнча Борбор Азия лидери болууну максат кылууда. Ал үчүн аграрчылар өсүмдүктөрдүн селекциясына өзгөчө көңүл бурганы турат. Мында жаңы технологияларды жана агрономия илиминин акыркы ойлоп чыгууларын колдонуунун зор мааниси бар.    

БИРЖАН РАХИМЖАНОВ, КАЗАК ЖЕМИШ-ЖАШЫЛЧАЧЫЛЫК ИЛИМИЙ-ИНСТИТУТУНУН ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ:

– Биз башка өлкөлөр менен кантип атаандашабыз? Жаныбызда климаты сонун Өзбекстан бар. Андан башка Кытай жайгашкан. Ал өлкөдө бардык көлөмдө өнүм чыгарууга болот. Тамыр жемиштерди Орусия жеткирет. Азыктар жетиштүү эле. Бирок биз атаандаштыкка туруктуу болуу  үчүн экологиялык, органикалык өнүмгө көңүл бурушубуз керек. Биз бүткүл дүйнө жүзүнө тааныла турган өзүбүздүн брендди түзө алабыз.

Фермерлердин айтымында, азыр чет элдик мыкты тажрыйбаларды үйрөнүү жана аларды Казакстандын айыл чарбасына колдонууга киргизүү абдан зарыл болуп турат. Мисалы, Түштүк жана Түндүк Америкада белгилүү «нөлдүк технологиялар» Казакстанда колдоно башташты.

ЕРАСЫЛ КАКЕНОВ, АГРАРЧЫ:

– Мен жакында Аргентинадан көп тажрыйба үйрөндүм. Ал технологияны Казакстанда колдонгум  келет. Ушул жылы биз нөлдүк технология боюнча сыноо үчүн 5 гектар жүгөрү жана 3 гектар соя септик. Нөлдүк технология менен биз 5 тонна жүгөрү алдык, айтсак бир гектардан 50 центнерден жүгөрү, 15 центнерден соя алынды. Бул сугатсыз, нөлдүк технология менен ишке ашты.

Казакстандын рыногунда жакында пайда болгон дагы бир технология – так дыйканчылык. Ал боюнча атайын камерасы бар дрондор менен талаалар тасмага тартылат. Ал материалдардын негизинде фермерлерге көйгөйлүү тилкелерди аныктоого, зыянкечтерди, өсүмдүк ооруларын, түшүмдүн механикалык жабыркоосун табууга жардам берген карталар түзүлөт.

ТИМУР ТАМЕНОВ, АГРОӨНӨРЖАЙ КОМПЛЕКСИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ  СТАРТАПТЫ ТҮЗҮҮЧҮЛӨРДҮН БИРИ:

– Фермерлер бизге өзүнүн айдоо талаасында «баары жакшы, бардыгы ойдогудай» деп айткан толтура мисалдар бар. Бирок биз качан дронду асманга учуруп, өтө жогорку бийиктиктен тартылган тасманы фермерлерге көрсөткөндө өзүнүн айдоо жерине карата алардын көз карашы дароо өзгөрөт. Биз фермерлерге жер семиркич берүүнү үнөмдүү жүргүзүүгө жардам беребиз, аны менен түшүмдүн сапатын жана көлөмүн жогорулатууга көмөктөшөбүз.