Күн электр станцияларын кеңейтүү

Күн электр станцияларын кеңейтүү

Казакстандагы эң алгачкы жана Борбор Азиядагы эң ири «Бурное Солар» күн электр станциясы Жамбыл облусунун Жуалын районунда жайгашкан, ал мындан ары жылына 150 миллион киловатт саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул анын кубаттуулугун эки эсе жогорулатуу менен мүмкүн болду. Экинчи кезекте «Бурное Солар-2» күн электр станциясын болгону 10 айда куруп бүтүштү. Аны тургузууга ата мекендик жана чет өлкөлүк 300 адис катышты. 

НУРЛАН КАПЕНОВ, КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ:

– 100 Мегаваттык күн электр станциясынын долбоорун жүзөгө ашырууда биз бюджетке  2,5 миллиард тенге милдеттүү төлөмдөрдү котордук. Мындан тышкары, биз 35 миллион АКШ доллары өлчөмүндө түз инвестиция тарттык. Эки долбоордун жалпы суммасы, же 100 Мегаваттык кубаттуулуктун наркы 50 миллиард тенгени түздү.

Экинчи кезекте күн электр станциясына 185 миң күн панелдери орнотулду. Жалпы алганда 100 мегаваттык кубаттуулуктагы 377 миң күн батареялары иштеп жатат. Электр станциясы 70 миң үйдү энергия менен камсыздоого жөндөмдүү. Күн тийген күндөрү бир станция күнүнө 330 миң Киловатт саат электр кубатын иштеп чыгара алат. Айта кетсек, мында иштин жүрүшү толук автоматташтырылган жана адистердин үзгүлтүксүз көзөмөлүндө турат. 

ИГОРЬ КАН, КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫН ТЕЙЛӨӨ БОЮНЧА ИНЖЕНЕР:

– Жалпы 50 мегаватт кубаттуулук 16 инвентордук станцияда бөлүштүрүлөт. Инвентордук станцияларда туруктуу ток өзгөрмө ток болуп кайра түзүлөт. Андан ары бардык кубаттуулук көмөк чордонго келет. Анда жогорулатуучу трансформатордун жардамы менен чыңалуу 20 миң вольттон 220 миң вольтко чейин жогорулатылат.

Белгилей кетсек, учурда дүйнөлүк электр энергия өндүрүүнүн чейрек бөлүгү Кайра жанма энергия булактарына туура келет. Божомол боюнча, 2050-жылга карата бул көрсөткүч 80% жетет.