Ишканаларды жаңылоо

Ишканаларды жаңылоо

Казакстан ишканалардын атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатат. Өндүрүштү жаңылоонун жана санариптештирүүнүн эсебинен, даярдалган өнүмдүн сапаты жана көлөмүн жогорулатуу болжолдонууда. Актөбе облусунда ушул максаттарга 85 миллиард тенге бөлүнгөн. Жыйынтыгында – элүүдөн ашык ишкана жабдууларын жаңыртты. Ошондой эле, жаңылоо иштери алтын өндүрүү фабрикасында да уланууда. Жалпысынан регионго өндүрүштүк кубаттуулукту технологиялык жаңылоого инвестиция катары дээрлик 510 миллиард тенге бөлүндү. Анын 35 пайызы чет элдик капитал. Анын ичинде, Хромтау кен байытуу фабрикасында жез-цинк кендерин кайра иштетүү боюнча линия жаңыланган, бул өндүрүлгөн өнүмдүн көлөмүн жогорулатууга шарт түздү. Ишкананын кубаттуулугу жылына 5 миллион тонна кенди кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Жаңылоо иштери ошондой эле, технологиялык процесстердин чоң бөлүгүн автоматташтырууга шарт түздү.   

ЖАНАТ ХИБАТ, ТЕХНОЛОГ:

– Жаңылоо аяктагандан кийин фабриканын өндүрүмдүүлүгү 10% өстү. Биздин өндүрүш Казакстандын батышындагы автоматташкан эң заманбап ишкана болуп саналат. Бизде жалпы өндүрүштүк процесстин 70% автоматташтырылган.

Алматы облусунда чоюндун биринчи партиясы алынды. Текели шаарында жаңылоодон кийин эритмелерди өндүрүү заводу ишке кирген. Азырынча суткасына 250 тонна өнүм өндүрүлүүдө, келерки жылы жазында экинчи домна меши ишке кирсе ишкананын кубаттуулугу 550 тоннага чейин көбөйтүлөт.

Текели ишканасына 20 миллиард тенге инвестицияланган. Өнүм ички рынокто керектелет жана чет өлкөлөргө экспортко да жөнөтүлөт.

БАХТИЯР ОНЕРБАЕВ, ТЕКЕЛИ ШААРЫНЫН АКИМИ:

- Чоюнга суроо-талап бар, анын үстүнө чоюн экспертизадан жана тастыктоодон өткөн. Өнүмгө Казакстанда жана чет өлкөлөрдө, Европадан да талап көп. Чет өлкөлүк компаниялар өнүмдү жеткирүү боюнча биз менен келишим түзүүгө даяр. Менимче 2019-жылдын үчтүн айынан тартып биздин чоюн тышка чыгарыла баштайт.