Түндүк Казакстан облусунда жашылча сактоочу санариптик кампа ачылды

Түндүк Казакстан облусунда жашылча сактоочу санариптик кампа ачылды

Санариптик технологиялар Казакстан экономикасынын бардык тармактарына жигердүү киргизилүүдө. Санариптүү долбоорлордун жемишин көрүп жаткандардын бири – түндүк казакстандык ишкерлер. Жакында облуста биринчи жолу санариптик жашылча сактоочу кампа ачылды. Ар бир камераны уюлдук телефон же планшет аркылуу  башкарууга болот. Кампада 5 камера бар. Ар биринин аба температурасы, нымдуулугу белгилүү бир жашылча түрүнө байланыштуу белгиленет.

ДМИТРИЙ ШАРАПАЕВ, ИШКЕР:

- Бизде экологиялык таза жашылчалар өстүрүлөт, ал эми аны сактоо оңой эмес. Эми аталган маселе чечилди. Бул жерде сактала турган бардык жашылчаларды өз фермерлерибизден алдык. Сапаты абдан жогору.

Санариптештирүү жараяны мейкиндикти карталоо багытындагы бир катар иштерди жеңилдетип жатат. Караганды облусунда колдонууга киргизилген жер тилкелеринин интерактивдүү картасы бизнес үчүн жерлерди алуу жараянын жеңилдетти. Азыр электрондук жер картасында бизнеске арналган 300гө жакын жер тилкеси бар. Бул жаңылык ишкерлерге өз долбоорлорун ишке ашырууда, керектүү бош орундарды издештирүүдө жардам берет. Алар онлайн режимде инфраструктура менен да тааныша алат.

ЕРНАР КҮЛПЕИСОВ, ОБЛУСТУК ИШКЕРЛЕР ПАЛАТАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Маалыматты облус акимчилигинин сайтында жана облустук ишкерлер палатасынын сайтынан көрүүгө болот. Ошондой эле, биз ресурс тууралуу, токтоп турган ишканалар, бош турган өнөр жай орундары  тууралуу маалыматтарды жасадык. Мындан башка, энергия булактарына кошулуу чекиттери да көрсөтүлгөн жана биз бул порталды ар дайым өнүктүрүп турабыз.

Ал эми Жамбыл облусундагы алтын өндүрүүчү компаниялардын бири «Санариптик кенч» программасын колго алды. Жердин алдынан курамында баалуу металл бар кенди алуу иштери толук онлайн системасында көзөмөлдөнөт. Адистер «санариптик кенч» долбоорунун алкагында эмгек өндүрүшү 5 пайызга көбөйүп, чыгашалар 20 пайызга кыскарат деп күтүп жатышат.

ЖАНАРА АМАНЖОЛОВА, «САНАРИПТИК КЕНЧ» ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- «Санариптик кенч» программасын ишке ашыруу алкагында биз улуттук агенттиктин жардамына таяндык. Алар бизге мамлекеттик колдоо көрсөтүштү. Анын аркасында планшеттик технологиялар, маркшейдерлик тартууларга лазердик сканерлөөнү жигердүү түрдө жумушка киргиздик.

 «Санариптүү Казакстан» программасынын максаты – улуттук экономиканы санариптештирүү аркылуу казакстандыктардын өмүр сүрүү сапатын жакшыртуу. Ал ИДӨдөгү IT-тармагынын үлүшүн 2020-жылга чейин 5 пайызга жеткирүүнү көздөйт.