Астана эл аралык каржы борборунда кезектеги блокчейн форуму өттү

Астана эл аралык каржы борборунда кезектеги блокчейн форуму өттү

Програмисттер, майнерлер жана инвесторлор криптовалюта менен блокчейн технологияларынын келечегин талкуулашты. Астана эл аралык каржы борборунда кезектеги блокчейн форуму өттү. Жыйында ата мекендик жана чет өлкөлүк жигердүү жаштардын стартап долбоорлору тааныштырылды. Белгилей кетсек, Астана хаб алдына 2022-жылга чейин 67 миллиард теңге инвестиция тартуу сыяктуу чоң максаттарды койгон. Аталган максатка жетүү үчүн белгилүү программалар иштелип жатат. Мисалы, венчурдук капиталисттердин ассоциациясы түзүлөт.

ЕРЛАН ШАЙХЫМБАЕВ, УЮШТУРУУЧУ:

- Биз инновациялык стартаптарды, даярдоочуларды, трейдерлерди, майнерлерди жана ишкерлерди бир жерге чогулттук. Алар өз ара тажрыйба алмашат, биздин платформа Bitcoin аркылуу стартаптарга инвестиция тартат, Биткоиндин жардамы менен бүткүл дүйнөнүн жашоочулары инвестор боло алышат.

АРСЕН ЛЕПЕС, IT-СТАРТАПТАР ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУСУ:

- Соода аянты, ошондой эле компаниялар үчүн коомдук желе долбоорлорун сунуштайбыз. Бул платформа бардык маалыматтар сакталыш үчүн blockchain технологиясынын негизинде жасалган. Ошондой эле, компаниялар ортомчусуз онлайн-мамилелерди түзө алышат, смарт келишимдерди түзүп, товарлар менен кызматтарды криптовалюта менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.