Көкшетау аймагында 60 жылдык тарыхы бар завод электрондукка өтө баштады

Көкшетау аймагында 60 жылдык тарыхы бар завод электрондукка өтө баштады

Өнөр жайды санариптештирүү өндүрүштүн өнүмдүүлүгүн жогорулатуунун эң эффективдүү куралы. Көкшетау аймагында 60 жылдык тарыхы бар завод аналогдук жумуш түрүнөн электрондукка өтө баштады. Мурда компания кычкылтек менен дем алуу аппаратын чыгарып келсе, бүгүнкү күндө авиация, коргоо жана медицина тармагына керектүү кошумча бөлүктөрдү чыгара турган өлкөдөгү уникалдуу ишкана. Мындан 5 жыл мурун чиймелердин бардыгын кол менен 6 адам чийип келген болсо, азыр бул жумушту компьютердин жардамы менен бир гана адам аткарат. Адистердин айтымында, бул абдан эффективдүү. Ошондой эле, программада долбоордун даяр 3D көрүнүшүн көрүүгө да болот.

АЛЕКСАНДР ШАВРИН, ЗАВОДДУН БАШКЫ ТЕХНОЛОГУ:

- Компьютер менен өтө татаал чиймелерди эч кандай катасыз жасоого болот. Бул биринчиден убакытты үнөмдөйт. Экинчиден, чыгашаны азайтат. Ушинтип, өндүрүш жараяны ылдам жүрө баштайт.

Биринчи кезекте техникалык жараянды кайра мерчемдөө жана жараяндарды бирдиктүү башкаруу жакшы  натыйжа берет. Жаңы технологияларды колдонуунун аркасында акыркы жылдары бул жерде энергия 30 пайызга үнөмдөлгөн. Жалпы, 2020-жылдын башында компания толук санариптештирилет деп мерчемделүүдө.

КАЙРАТ КАЛМАНБАЕВ, ЗАВОДДУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү күндө биз кызматкерлерди окутуу жана өндүрүштү жабдыктоо менен алектенип жатабыз. Технологиялык картаны, колдонула турган документтерди, материалдардын баарын электрондук форматка өткөрүп, санариптүү башкаруу аркылуу өзгөртөбүз. Башкача айтканда, буйрутма түшкөндөн баштап, анын чыгып, керектөөчүнүн колуна берилгенге чейин бардык жараян автоматтык системада башкарылып турат.

Өндүрүштү санариптештирүүнүн аркасында заводдун өнүмдөрүнө болгон суроо-талап өстү. Компания башчылыгы жаңы багыттарды киргизип, долбоорлоо бөлүмү жаңы агрегаттарды даярдоого киришти. Бул жерде чыгарылган товарлардын 35 пайызы экспортко багытталган.