Казакстандын картасында мунайдын жана газдын үч жаңы кени пайда болду

Казакстандын картасында мунайдын жана газдын үч жаңы кени пайда болду

Бул жылы Казакстандын картасында мунайдын жана газдын үч жаңы кени пайда болду. Нуржанов, Уаз Северный жана Букасарай мунай-газ кен жайларынын кору 2,5 миллион тоннага жакын. Адистер, бул жер алдында иштетилбеген кара алтын бар экенинин далили деген пикирде. Ошондуктан «агрессивдүү» геологиялык чалгындоо зарылдыгы чыгууда. Талдоочулардын пикиринде, стратегиялык мааниси бар тармак дагы көп жылдар бою маанилүүлүгүн жоготпойт.

БАХЫТ МАХАНОВ, КР ЭМ МУНАЙ ӨНДҮРҮШҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстанда мунай өндүрүүчү компаниялар 80 миллион тоннадан ашуун кара алтын өндүргөн. Ушул көлөмдүн 63 миллион тоннасы экспорттолду. Калган бөлүгү кайра иштетүүгө жиберилди. Жалпы, мунай өндүрүшү 106,7 пайызга өстү.

Бүгүнкү күндө өлкө экономикасынын кирешелеринин көрүнүктүү үлүшүн - Теңгиз, Карашыганак жана Кашаган кен жайлары камсыз кылып келет. Бул дагы көп убакытка созулат. Серепчилердин айтымында, мунай өндүрүү 2035-жылы эң жогорку тепкичке чыгат. Азыркы тапта Казакстанда 277 мунай кени белгилүү. Анын элүүгө жакыны акыркы 10 жылда аныкталган. Кен жайларын өздөштүрүүдө жаңы технологияларды пайдалануу – дагы бир маанилүү милдет.

НЫСАНБАЙ КУАНТАЕВ, ГЕОЛОГИЯ-МИНЕРАЛОГИЯ ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ:

- Биз чийки зат корунун 35-40 пайызын гана чыгарып алып жатабыз. Калганы өздөштүрүлбөгөн бойдон калууда. Аны да алыш үчүн жаңы технологияларды, нано-технологияларды пайдалануу керек.

Мунай чалгындоо катуу пайдалуу казууларды издөөгө караганда бир нече эсе кымбат. Ал эми, бул иштерге кеткен чыгым акталарына эч ким кепилдик бербейт. Ошентсе да, ресурстук базанын акыркы маалыматтарына ылайык, Казакстанда көмүр суутек чийки заты жетиштүү. Алардын көлөмү 22ден 76 миллиард тоннага чейин өстү. Геологиялык тармакты өнүктүрүү программасына ылайык, 2015-2019-жылдардын аралыгында жылына чалгындоо иштерине 40 миллиард теңге каржы багыттоо каралган.

АКБАТЫР НАДЫРБАЕВ, КР ИӨМ ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН  ПАЙДАЛАНУУ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Биз жана жер казынасын пайдалануучулар сейсмологиялык чалгындоо, геофизикалык изилдөө сыяктуу жаңы технологиялардын жардамы менен өтө тереңдикти изилдөөгө бел байлап жатабыз. Ушул максатта мындан бир нече жыл мурун Каспий айланасынын тереңдигин изилдөө үчүн «Евразия» долбоору тууралуу айтылган. Башкача айтканда, өтө тереңдиктерде 12 миңден 15 миң метрге чейин скважина бургулоо көздөлгөн.

Казакстандык адистердин пикиринде, дүйнөлүк энергетикалык тең салмактуулуктагы мунайдын ролу дагы ондогон жылдарга уланат. Дал ушул энергоресурстар Казакстандын экономикалык өнүгүшүнүн басымдуу векторлорунун бири болуп кала берет. Ошондуктан мунай менен газ тармагындагы чалгындоо иштери – стратегиялык милдет, дешет адистер.