Түркестан облусунда комплекстер санариптик форматка өтө баштады

Түркестан облусунда комплекстер санариптик форматка өтө баштады

Инновацияларга артыкчылык берилүүдө. Түркестан облусунда комплекстер санариптик форматка өтө баштады. Мисалы, Сарыагаш районунда автоматташтырылган система киргизилген күнөскана иштейт. Помидор өстүрүү менен алектенген чарбачылык жаңы технологияны киргизүү аркылуу өнүм көлөмүн эки эсеге чейин өстүргөн. Аймагы 7 гектар аянттан болжол менен 700 тонна түшүм жыйналды. Эгин жыйноо бугу жана жетинин айларында жүргүзүлөт.

ГАУХАР АХМЕТОВА, КҮНӨСКАНА КЫЗМАТКЕРИ:

- Биз помидорду ушундай кылып кескенибиздин себеби, узак жолго жакшы чыдайт жана кооз көрүнөт.

Күнөсканада температураны көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы орнотулган. Бул түшүмгө оң таасирин тийгизет. Мисалы, түшүм жыйноо кезинде ар бир түп 7-8 килограмм жемиш берет. Бул суткасына 50дөн 100 кутуга чейинки өнүм.

БЕКЗАТ ТӨРЕБЕК, АГРОНОМ:

- Биздин күнөскананын терезелери автоматташтырылган. Өтө ысып кеткенде терезелер ачылып, бир аз салкын болгондо кайра автоматтык түрдө жабылат.

Күнөскананын өнүмдөрүнүн үчтөн бири Орусияга экспорттолот. Калганы өлкөнүн ички рыногуна таратылат. Түркестан облусундагы бардык күнөсканалардын 50 пайызы Сарыагаш районунда жайгашкан.