Пахта өндүрө турган завод жаңыртылды

Пахта өндүрө турган завод жаңыртылды

Түркестан облусунун Мактаарал районундагы пахта иштеткен завод санариптик технологиянын жемишин көрүп жатат. КМШда теңдеши жок саналган ишкана АКШнын заманбап технологиялык курал-жабдыктары менен камсыздалган. Чийки пахтаны терең иштетип, даяр була өндүрө турган завод Чымкентти даяр пахта өнүмдөрү менен камсыз кылып келет.

МЕЙИРБЕК МАКСУТОВ, ЗАВОДДУН КЫЗМАТКЕРИ:

- Азыр бул айланып жатат, токтогондон кийин аны ныктоо башталат. Андан кийин лента менен бирге айланып чыгып, кайра иштетилет.

Белгилей кетсек, өндүрүш очогунун жалпы баасы 1 миллиард теңгени түзөт. Завод жылына 35 миң тонна пахта буласын өндүрөт. Алдыдагы убакытта өндүрүш жайынын кубаттуулугун жылына 60 миң тоннага жеткирүү көздөлүп жатат. Аны менен катар, ишкананын башка заводдор менен салыштырганда эмгек өнүмдүүлүгү 30 пайызга жогору. Бул санариптик технологияны колдонуу жыйынтыгы.

ЕРМАХАН ЖАБУОВ, ЗАВОДДУН МҮДҮРҮ:

- Заводдо бардыгы автоматташтырылган. Дээрлик бардык жараян бир киши тарабынан башкарылат. Эски заводдо цехтер бири-биринен бөлөк жайгашкан. Эми өндүрүш тилкелери бир жерде.

Мындай жаңыртуу пахта буласын иштетүүнү 30 пайызга жогорулатып, өндүрүшкө оң таасирин тийгизди. Мындан сырткары, электр энергиясын 25-30 пайыз үнөмдөөгө шарт түзүлдү.