ЭКСПО долбоорлорунун жемиши

ЭКСПО долбоорлорунун жемиши

Альтернативалык энергетиканы өнүктүрүү - Казакстанда артыкчылыктуу багыттардын бири. «ЭКСПО-2017» көргөзмөсү өлкөдө альтернативалык энергия булактарын өндүрө турган инновациялык долбоорлордун ишке ашуусуна жол ачты. Бүгүнкү күндө Маңгыстау облусунда ушундай объекттердин бири – Мунайлы районундагы Батыр айылында кубаты 2 МВт болгон күн электр станциясы иштеп жатат. Долбоордун наркы 1 миллиард 200 миллион теңгеге бааланып жатат.

МАРАТ ҮКИБАЕВ, БӨДРӨТЧҮ МЕКЕМЕНИН ӨКҮЛҮ:

- Станция 27 гектарды ээлеп жатат. Жалпы 8550 панель жайгашкан. Күнүнө 10 миң, 11 миң КВт ток берет.

Маңгыстау облусунда алдыдагы жылы жалпы кубаты 255 МВт болгон 5 күн жана 5 шамал электр станциялары ишке кошулат. Ал эми жылдын аягында Актау шаарынын кире беришиндеги 3 шамал генератору пайдаланууга берилет. Роторлор батышка, түндүк жана чыгышка карай багытталган. Алардын кубаттуулугу 5 МВт. Бул жакын жердеги Акшукыр айылын электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Форт-Шевченко шаарынын айланасында дагы 2 ири жел электр станциясынын курулушу башталат.

ЖАНДОС САЛИМОВ, МАҢГЫСТАУ ОБЛУСУНУН ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ–КОММУНАЛДЫК ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- 43,6 МВт чейин курулуш жумуштары жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө кошумча станция салынган. 24 ири шамал орнотмосун орнотуу көздөлүүдө. Ал кийинки жылдын биринчи жарымынын аягына чейин толугу менен аягына чыгат. Экинчи орнотмонун кубаттуулугу 42 МВт. Ал 17 ири шамал орнотмодон турат жана кийинки жылы аяктоо мерчемделип жатат.

Белгилей кетсек, дагы эки шамал, 4 күн электр станциясын салуу көздөлүүдө. Алардын жалпы кубаттуулугу 154 МВтты түзөт. Бейнеу жана Жетибай айылдарында шамал, ал эми Шетпе, Жармыш жана Оңды айылдарында күн электр станциялары пайда болот.