Альтернативалык энергия булактарынын жаңы багыттары

Альтернативалык энергия булактарынын жаңы багыттары

Кайра жанма энергия булактарын колдонуу көптөгөн өлкөлөрдүн маанилүү багыттарына айланууда. Алардын катарында Казакстан да бар. Жакынкы убакытта аталган өлкөдө электроэнергия жана жылуулук алуу үчүн жер алдындагы булактарды колдонуу көздөлүп жатат. Мындай тажрыйба Исландия, АКШ, Канада жана Түркияда кеңири колдонулуп келет.

Геотермалдык станциянын өзгөчөлүгү система күн жана өзгөрмө аба ырайынан көз карандысыз иштей алат. Климаты тез өзгөрүп турган өлкөдө бул өтө маанилүү, дешет энергетиктер. Өлкөнүн жер алдындагы ресурстары өлкө аймагынын төрттөн бир бөлүгүн ысык суу менен камсыз кылууга жөндөмдүү.

АРМАН САТИМОВ, «KAZENERGY» АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН КЕҢЕШЧИСИ:

- Казакстанда гидрогеология жана гидроэкология институту бар. Алардын маалыматтары боюнча карай турган болсок, геотермалдык ысык суу корунун көлөмү жер шаары боюнча болжол менен 40 пайызды түзөт. Жер алдындагы суулардын температурасы тереңдигине байланыштуу ар түрдүү болот. Болжол менен 70-163 градусту түзөт. Бизге техникалык документация даярдоо үчүн аймактар боюнча изилдөө иштерин жүргүзүү керек.

Ушундай долбоорду ишке ашыруу аркылуу альтернативалык энергия булактарын өнүктүрүү тармагына чоң түрткү берүүгө болот, дешет серепчилер. Ал эми азырынча ушул багытта жер алдын изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

АРМАН САТИМОВ, «KAZENERGY» АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН КЕҢЕШЧИСИ:

- Энергияны үнөмдөө аркылуу жаңы генерация жабдыктоо баасы 3 эсе арзан болот. Башкача айтканда, белгилүү бир энергетикалык платформа түзүү үчүн 10 миллион доллар коротпой, 20-30 миллион доллар бөлүп, өлкөдө колго алынган энергия үнөмдөө программасын өнүктүрүүгө болот. Мисалы, көчөлөрдөгү, кирмелердеги жана өндүрүштүк  жарыктандыруу.

Казакстандын жашыл экономика концепциясына өтүү алкагында, 2030-жылга карай альтернативалык энергия булактарынын үлүшүн 10 пайызга, ал эми 2050-жылга карай 50 пайызга жеткирүү көздөлгөн.