Казакстандык жаш окумуштуу топурагы бузулган эгин талааларына жер семиртүүчү зат ойлоп тапты

Казакстандык жаш окумуштуу топурагы бузулган эгин талааларына жер семиртүүчү зат ойлоп тапты

Казакстандык жаш окумуштуу топурагы бузулган эгин талаалары менен туздуу жерлерди калыбына келтире турган жер семиртүүчү зат ойлоп тапты. Даулет Егембердиевдин биомелиорант аттуу ноу-хаусу айыл чарбанын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга таасирин тийгизет. Чыгашасы аз, бирок пайдалуулугу жогору долбоорго ата мекендик чарбачылыктар кызыгуу артышууда. Айтмакчы, Даулеттин ойлоп табуусу «жаш ишкер мектеби» долбоорунун жыйынтыгы боюнча мыкты деп табылды.

ДАУЛЕТ ЕГЕМБЕРДИЕВ, ЖАШ ОКУМУШТУУ:

- Бир килограмм биомелиоранттын өздүк баасы – 16 теңге. Аны суюк абылында колдонууга болот. Суюк фазасы тамчылатып сугаруу үчүн. Ошондой эле, кургак абалында да колдонууга болот. Түшүмдүүлүк 5-10 эсе жогору. Салттуу усулга ылайык, колдонула турган 30-35 тоннадан 40 тоннага чейин фосфогипс менен тезекти 300-500 килограмм биомелиорант алмаштыра алат.

Жаш окумуштуу биомелиорантты био жер семирткичтерди өндүрө турган орнотмонун жардамы менен 20 күндө даярдап чыгарган. Анын курамы өтө жөнөкөй, кадимки жантак өсүмдүгү, тезек жана фосфогипс. Колдонула турган чийки заттардын курчаган чөйрөгө эч кандай зыяны жок. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө Жамбыл облусунда топурактын түшүмдүүлүгү азайып, туздуу жерлердин көлөмү жогорулап бара жатат.

КАМБАР ТУРСЫНБАЕВ, АГА ОКУТУУЧУ:

- Аймактагы туздуу жерлерди 5 жыл ичинде калыбына келтирип, иштетүү үчүн кайтарууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн топурактагы кара чириндинин өлчөмүн өстүрүү керек. Азыркы кезде биздеги айыл чарба талааларындагы топуракта кара чириндинин өлчөмү болгону 1 пайызды түзөт.

Быйылкы жылы биомелиорант биринчи жолу тажрыйба түрүндө Талас районунда колдонулган. Натыйжасы көңүл жылытаарлык. 120 гектар аймакка кант кызылчасы менен пияз эгилип, 5 эсе көп түшүм алынган. Адистердин айтымында, жаңы жер семирткич ата мекендик чарбачылыктар үчүн табылгыс куралга айланат.

ЕРЛАН КУЛКЕЕВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБАЧЫЛЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бизде азыр топурактын түшүмдүүлүгү төмөндөп жатат. Эми мына жаш окумуштуу ойлоп тапкан жаңы биомелиоранттын жардамы менен бизде жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Жерди семиртип, түшүмдүүлүгүн жогорулатыбыз.

Азыркы тапта жер семирткичти көп өлчөмдө өндүрүүнүн жолдору караштырылып жатат. Алдыдагы убакытта Даулет Егембердиевдин айыл чарба жана мунай–газ иштетүү тармактарын өнүктүрүүгө багытталган дагы 5 долбоорду сунуштоо максаты бар.