Казакстандык стартаптар мыктылардын катарында

Казакстандык стартаптар мыктылардын катарында

Казакстандык стартаптар Сеулдагы бизнес идеялар сынагында мыктылардын катарына кирди. Бул жарышка Борбор Азиядагы 5 өлкөдөн жетимишке жакын долбоор катышкан. Жаңычылыктары менен көзгө түшкөн казакстандыктардын катарында петропавлдык кардиолог Дмитрий Тё бар. Ал бейтаптарга оорукана табуу, дарыгердик кеңеш алуу жана түз өндүрүүчүлөрдөн дары сатып алуу жолун жеңилдеткен.

Ал программисттердин жардамы менен атайын веб-сайт жана уюлдук тиркеме ойлоп чыгарган. Бейтап үйүнөн чыкпастан, өзүнө керектүү ооруканаларды тандап, башка да операцияларды аткара алат. Онлайн тизмеде Казакстан менен Түштүк Кореянын мыкты клиникалары бар.

ДМИТРИЙ ТЁ, ДАРЫГЕР:

- Биздин медицинабыздын өнүккөн тармактарына кызыгуу көрсөтүп жаткан коңшу өлкөлөр абдан көп. Атап айтканда, кардиология, кардиохирургия боюнча мыкты 10 өлкөнүн катарындабыз.  Себеби, бизде жүрөк трансплантациясы өтө жакшы өнүккөн. Биздин өлкөбүздө интервенциялык хирургия жана кан тамыр хирургиябыз да жогорку деңгээлде.

Жеңүүчүлөрдүн арасында түштүк кореялык Юн Ён Чхан да бар. Анын Кореянын ири корпорациясы менен биргеликте даярдаган долбоору казакстандык чарбалардын жумушун жеңилдетет. Орнотмонун жардамы менен GPS аркылуу төрт түлүктүн кайсы жерде жайылып жүргөнүн аныктоого болот. Эки жыл бою ушул долбоор Алматы облусундагы Кеген районунда сынактан өткөн. Түзмөктүн батареясынын кубаты бир жумага жетет. Азыр Юн Ён Чхан башында турган программисттер күн батареяларынан кубат ала турган каргы чыгарышат.

ЮН ЁН ЧХАН, СТАРТАП ТҮЗҮҮЧҮ/ ТҮШТҮК КОРЕЯ:

- Каргыларды ижарага берүү планыбызда бар, башкача айтканда, ижарага алуучу анын акысын акча менен эмес, мал менен төлөшөт. Андан кийин ошол жаныбарларды экспорттоо оюбузда бар. Себеби, анын кайда туруп, эмне менен тамактанганы тууралуу колубузда маалымат болот. Болгону сертификат алып, малды Корея же Европа рыногуна ташууга болот. Бул узак убакытка арналган бизнес долбоор.

Юн Ён Чхандын стартапы Казакстандын экологиялык жактан таза этин чет өлкөгө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул долбоорду Алматы менен Кызылордо облустарында ишке ашыруу көздөлүүдө.