Өткөрүү бекеттерин санариптештирүү

Өткөрүү бекеттерин санариптештирүү

Санариптештирүү – заман талабы. Бүгүнкү күндө санариптик усулдар өлкө жашоосунун бардык тармактарына киргизилүүдө. Бул жараяндан Казакстан-Кытай чек арасындагы «Нурлуу Жол» өткөрүү бекети да четте калган жок. Азыркы тапта бул жердеги технологиялардын бардыгы санариптештирилген. Жүк ташый турган авто унаа айдоочулары көзөмөлдөө пунктунан өтүү үчүн болгону 40 мүнөттөй гана убакыт коротушат. Мурда бул жараянга 1 күн кетчү.

АЛЕКСАНДР АРТЁМОВ, КАРЖЫ КОМПАНИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ / ФИНЛЯНИЯ:

- Мындай системанын дүйнөдө альтернативасы жок. Бардык көлөмдөрдү так эсептеп чыгууга жаңы техногиялардын жардамы чоң. 5 чакырым саат ылдамдыкта жүрүп келе жаткан авто унаанын салмагын өлчөөгө болот.

«Нурлуу жол» автоунаа өткөрүү пункту акыркы жылдары Борбор Азияда ишке ашырылган ири долбоорлордун бири. Автоунаа агымы 8 тилке боюнча жүрөт. Бул жерден эки жакка күн сайын 2,5 миң унаа өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ачылганына болгону бир жарым ай болгон пункт 3 миңден ашуун жүк унаасы менен 5 миңге жакын турист өткөргөн.

ИЛИЯС ЖАЙЛЫБАЕВ, УНАА-ЛОГИСТИКА БОРБОРУНУН РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан Республикасына 1502, Кытайга 1447 машина өттү. Жалпы салмагы 39 миң тоннаны түзөт. Ал эми наркы 2 миллиард теңгеден ашат. Мамлекеттик бюджетке 310 миллион теңге төлөндү.

ЕРБОЛ АРЫНОВ, БАЖЫЛЫК БЕКЕТ БАШЧЫСЫ:

- Дал ушул өткөрүү бекети техникалык багытта жакшы жабдыкталган. Эми өзүбүздүн жумуштарыбызды жол-жоболоштуруп алуу керек. Техногиялык жараяндын кемчилик жактарын  жакшыртуу аркылуу биз көзөмөлдөө бекетинин өткөрүү кубаттуулугун болушунча пайдаланып, көбөйтөбүз.

Белгилей кетсек, бул долбоор мамлекеттик жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде ишке ашты. Азыркы мезгилге чейин 70 миллиарддан ашуун теңге инвестиция салынды. Комплекстин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн  жакынкы арада дагы 11 миллиард теңге каржы тартылат.