Астанада «Digital Bridge 2018» форуму башталды

Астанада «Digital Bridge 2018»  форуму башталды

Казакстан Азия менен Европа ортосундагы «Санариптик көпүрө» болууга ашыгууда. Бул тууралуу эл аралык инновациялык «DIGITAL BRIDGE» форумунда Маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаев маалымдады. Масштабдуу иш-чарага дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн бир жарым миңден ашуун катышуучу чогулду. Бизнесмендер, инвесторлор, IT – адистер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү санариптештирүү тармагындагы дүйнөлүк тренддерди талкуулап, тажрыйба алмашышты. Министр Даурен Абаев өлкөдө аткарылып жаткан «Санариптик Казакстан» мамлекеттик программасынын маани-маңызына токтолду.

ДАУРЕН АБАЕВ, КР МААЛЫМАТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРИ:

- Эртең Өлкө башчысы «Астана Хаб» эл аралык IT стартаптар технологиялык паркынын жумушунун башталуусун расмий түрдө жарыялайт. Казакстан Республикасынын заманбап технологиялык өнүгүшүнүн жаңы башат чекити болот. Улуу Жибек жолунун укуктук мураскерлери катары биз транспорттук магистарлдардын айкалышы гана болбостон, Европа жана Азия ортосундагы санариптик көпүрөгө айланууну көздөйбүз.