Казакстандык жаш окумуштуу Microsoft, NASA компаниялары жумушка чакырып жатышат

Казакстандык жаш окумуштууга дүйнөдөгү ири компаниялардын көзү түштү. 17 жаштагы Тимур Рыспековду Microsoft, Amazon жана NASA компаниялары жумушка чакырып жатышат. Таланттуу жигит баштаган топ Нью-Йоркто дүйнөлүк жарышта женүүчү аталды. Алар «Opportunity» жана «Curiosity» марсоходдорунун көйгөйлөрүн чечүү жолдорун жана кокуску сандар генераторун сунушташкан.

ТИМУР РЫСПЕКОВ, NASA СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Быйыл Оппортьюнити марсоходу эмне болгонун көптөр уккан. Батареясындагы кемтиктин айынан ал байланышка чыкпай койгон. Ушул маселенин чечимин башкарылмалуу реле менен тажрыйба өткөрүп көрсөттүк. Ал кубат болбогондо ажыратылат, ал эми күн батареясынан кубат келгенде ишке кошулат. Ушул чечимди телефонду кубаттандыруу убагында колдонууга болот. Телефон жарылган окуялар болгонун билебиз.

Тимур үч жашында жадыбалды жаттаган. Мектепте жүргөндө математика жана физика олимпиадаларында далай жолу топ жарган. Ал эми, ойлоп тапкыч катары биринчи сыйлыгын курчаган чөйрөнү сактоого арналган танк түрүндөгү роботу үчүн алган. Азыр эки окуу жайда билим алып жатат. Ушуга кошо, Тимур физика, математика жана информатика тармактарында 30 патент жана автордук укукка ээ. Азия жана Чыгыш Европанын мыкты инновациялык долбоору үчүн Microsoft уютурган мелдеште жеңишке жеткенден кийин Тимурду бул компания менен АКШнын башка да ири корпорациялары жумушка чакыра башташкан.

ТИМУР РЫСПЕКОВ, NASA СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Биздин негизги артыкчылыгыбыз кокуску сандардын квант генератору. Фотондор мүнөздөмөлөрүнүн ар түрдүүлүгү менен кокуску маалыматтарды айландыра алат. Муну банк системасында жеке маалыматтарды сактоо үчүн, каржылык тобокелдиктерди божомолдоого, медицина тармагында ар түрдүү дарыларды чыгарууга жана тоо-кен өнөр жайында колдоонууга болот.

Ушундай уникалдуу ойлоп табуулары үчүн дүйнөлүк компаниялар Тимурга чоң сыйакы сунуштап жатышат. Бирок, Тимур өз өлкөсүндө иштөөнү тандап, «100 жаңы ысым» долбоорунда жеңүүчү аталды.