«Астана-1» маалыматтык системасы: Электрондук декларация

Казакстанда ишке кошулган электрондук декларациялоонун аркасында үйдөн же жумуш ордунан чыкпастан, дүйнөнүн каалаган чекитинен бажылык декларацияга буйрутма берүүгө болот. Дүйнөлүк соода уюмунун нормаларына, эл аралык жана алдыңкы тажрыйба станданттарына ылайык келген жаңы маалыматтык система бажылык жол-жоболоштурууну жеңилдетүүгө таасир берет. Ошондой эле, быйыл «Астана-1» маалыматтык системасын киргизүү өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн жогорулатууга себеп болду.

КАЙРАТ ТАНКИБАЕВ, МАМЛЕКЕТТИК КИРЕШЕЛЕР КОМИТЕТИНИН БАШКАРМАЛЫК БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Өткөн жыл менен салыштырганда өсүш 26 пайыз, импорт – 14, экспорт - 30 пайызды түздү. Мунун бардыгы электрондук декларациялоо системасын киргизүү менен болду. Кийинки жылы ушундай эле көрсөткүчтү күтөбүз. Бажылык төлөмдөр менен салыктар жогорулашы мүмкүн.

Аны менен катар, темир жол ташуу тармагы автоматташтырылган системага өттү. «Санариптүү Казакстан» стратегиясынын алкагында жүк жана жүргүнчүлөр ташууларына жаңы технологиялар киргизилет. Бул башкаруу системасына бүгүнкү күндө бардык казакстандык станциялар кошулган. Ушул айдан баштап ташуучулар пилоттук режимде документтерди электрондук түрдө жол-жоболоштуруп, курамдарды жиберүүдө.

ЕВГЕНИЙ ШЕВЦОВ, КТЖ «УК» АК «ЖҮК ТАШУУЛАРЫ» ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ:

- «Нура – Топар» көмүр ташуу багыты менен «Екибастуз – 2 – Малорефтинская» экспорттук багытындагы пилоттук долбоорлор боюнча кагазсыз документ жол-жоболоштуруу системасы ишке кошулду. «Нура – Топар» маршруту боюнча жүздөн ашуун документ электрондук санариптик кол тамга менен жол-жоболоштурулуп жиберилет.

Белгилей кетсек, Казакстан экономикасын санариптештирүү деңгээли бүгүнкү күндө жалпы өнүгүүгө жаңы түрткү берип жатат. Көптөгөн серепчилердин айтымында, бул жараян Казакстандын дүйнөлүк аренада алдыңкы орунду ээлөөсүнө жол ачат.