Казакстан: коронавируска чалдыккан 220 бейтаптын абалы оор

Казакстан: коронавируска чалдыккан 220 бейтаптын абалы оор

Казакстанда COVID-19 илдетине чалдыккан 220 бейтаптын абалы оор. Алардын ичинде 26 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. 21 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Жалпысынан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 10 435 адам дарыланып жатат. Алардын 480 ашууну балдар.

Мындан тышкары, республикада COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйдү. Акыркы 24 саат ичинде өлкө аймагында коронавирус 791 адамдан аныкталды. Вирусту жуктуруу жагынан Чыгыш Казакстан облусу дале алдыда. Андан кийин Алматы шаарында 91 жана Түндүк Казакстан менен Павлодар облустарында 85 учурдан катталды.

Жалпы өлкө боюнча бейтаптардын саны  – 123 888.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 15448 (+53)

Алматы шаары - 15458 (+91)

Шымкент шаары - 5315 (+5)

Акмола облусу - 4448 (+48)

Актөбе  - 3431 (+4)

Алматы облусу - 5473 (+25)

Атырау - 11496 (+19)

Чыгыш Казакстан облусу - 14650 (+242)

Жамбыл  - 4293 (+11)

Батыш Казакстан облусу - 7643 (+39)

Караганды  - 10899 (+20)

Костанай - 4552 (+63)

Кызылорда - 3274

Маңгыстау - 3420

Павлодар - 5294 (+85)

Түндүк Казакстан облусу - 5345 (+85)

Түркестан облусу - 3449 (+1)

Ошондой эле, коронавирус илдетинен айыккандардын да саны өсүүдө. Бүгүнкү күндө кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 111 миң 483 адамга жетти.

 

Фото: zhodinonews.by


×