Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 11 миң 172 жетти

Казакстанда коронавирустан  айыккандардын саны 11 миң 172 жетти

Өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 337 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 111 миң 172 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде республикада COVID-19 илдетинин 762 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны - 123 миң 97 түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 15395 (+81)

Алматы шаары - 15367 (+43)

Шымкент шаары - 5310 (+7)

Акмола облусу - 4400 (+42)

Актөбе - 3427 (+4)

Алматы облусу - 5448 (+33)

Атырау - 11477 (+17)

Чыгыш Казакстан облусу - 14408 (+252)

Жамбыл  - 4282 (+10)

Батыш Казакстан облусу - 7604 (+40)

Караганды облусу - 10879 (+20)

Костанай  - 4489 (+60)

Кызылорда  - 3274 (+5)

Маңгыстау - 3420 (+2)

Павлодар  - 5209 (+65)

Түндүк Казакстан облусу - 5260 (+79)

Түркестан облусу - 3448 (+2).

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 202 жана 2 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 95 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери жалпы бейтаптардын саны 40 миң 690, каза тапкандар 423, ал эми сакайып чыккандардын саны 29814 жетти.

 

Фото: orengrad.ru


×