Казакстандагы окуяларга сереп

Казакстандагы окуяларга сереп

Нур-Султанда COVID-19 илдетине чалдыккандар кескин көбөйдү

Казакстандын борборунда коронавируска чалдыккандар кескин көбөйдү. Нур-Султан шаарында 79 адам COVID-19 илдетине чалдыкты. Мындай көрсөткүч мурунку күндөргө салыштырмалуу 46 учурга көп. Айта кетсек, Казакстанда бир сутка ичинде  инфекцияны жуктуруунун  жаңы 682 учуру катталды. Ал эми Кызылорда облусунда акыркы сутка ичинде бир дагы учур катталган жок. Ошол эле учурда 450 ашуун казакстандык илдеттен айыгып чыкты. 9,5 миңден ашуун адам дарылануусун улантууда, алардын 470 жакыны балдар.

54 жүргүнчүнүн ПЧР-тести болгон эмес

Ал тапта Казакстанга ПЧР-тести жоктор келүүсүн улантууда. Кечээ кечинде Түркия, Египет, Беларусь жана Орусиянын лайнерлери Нур-Султан жана Алматы аба аэропортторуна келип конду. Жалпысынан республикага жарым миңден ашуун адам келген. Алардын 54 COVID-19 илдетине каршы тестинин аныктамасы болгон эмес. Учурдагы протоколдорго ылайык, алар карантинге алынды.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясын эң көп жуктурган учур Чыгыш Казакстан облусунда катталды - анда жалпы 230 адам. Акыркы маалыматтар боюнча, облустун жугуштуу оорулар бейтапканасында дээрлик жети жүз бейтап бар, алардын 76 абалы оор. Аймакка айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн дене табын милдеттүү түрдө өлчөө менен 22 санитардык бекет жайгаштырылды. Мындай эпидемиологиялык талаптар жүргүнчүлөр көп жүргөн маршруттук каттамдарда жол тыгындарын пайда кылды. Бул жерди күнүнө 8 миңден ашуун автоунаа кесип өтөт. «Шаарлар менен райондордун ортосундагы «жашыл коридор» азык-түлүк жеткирүүчүлөр жана жашоо-тиричиликти камсыздоочу кызматкерлер үчүн гана ачык. Ал эми полициянын маалыматы боюнча, бир унаанын өтүүсү 2-3 мүнөттөн ашпайт. Эпидемиологдордун милдети - вирустун жайылуу чегин кыскартуу. Эске салсак, аймак коронавирустун күч алуусунан улам «кызыл аймакта» турат. Бул жерде инфекциянын 3 миңден ашуун учуру катталган.

 БЛИЦ:

- Албетте текшерүү жүрүп жатат. Ооба тез эле. Алгачкы күндөрү баш-аламан болду. Анткени эл кайсыл жакка кайрылаарын билбей ары-бери жүрүштү. Ал эми азыр баары жакшы.

- Абдан тез жана ыңгайлуу.

 

Динара Серикова, медайым:

- Тез арада өткөрүп жиберүүгө аракет кылып жатабыз. Адамдардын дене табын өлчөйбүз. Ал-акыбалын сурап турабыз. Баары жакшы.

 

Бейтаптар чек-баракчалар аркылуу көзөмөлдөнөт

Атырау облусунда коронавируска чалдыккан жана үй шартында дарыланган бейтаптар текшерүү баракчалары аркылуу көзөмөлдөнөт. Эми дарыгерлер калкты аралыктан көзөмөлдөп турушат. Мобилдик топтун дарыгерлери текшерүү баракчасындагы белгилердин негизинде бейтапты ооруканага жаткыруу чечимин кабыл ала  алышат. Мындай чечим бейтаптын абалы кескин начарлап кеткен учурда кошумча оорулардын жана өмүргө коркунуч келтирүүчү факторлордун негизинде кабыл алынат.

 

Фото: opentv.media


×