Казакстанда коронавирустан бир суткада 453 адам айыгып чыкты

Казакстанда коронавирустан бир суткада 453 адам айыгып чыкты

Өткөн суткада дагы 453 адам коронавирустан сакайып чыкканы белгилүү болду. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны  110 миң 835 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 682 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 122 миң 335 түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал:

Нур-Султан шаары - 15314 (+79)

Алматы шаары - 15324 (+35)

Шымкент шаары - 5303 (+6)

Акмола облусу - 4358 (+41)

Актөбе облусу - 3423 (+3)

Алматы облусу - 5415 (+17)

Атырау - 11460 (+11)

Чыгыш Казакстан облусу - 14156 (+230)

Жамбыл  - 4272 (+8)

Батыш Казакстан облусу - 7564 (+37)

Караганды  - 10859 (+18)

Костанай  - 4429 (+58)

Кызылорда  - 3269

Маңгыстау - 3418 (+2)

Павлодар облусу - 5144 (+61)

Түндүк Казакстан облусу - 5181 (+74)

Түркестан облусу - 3446 (+2).

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 268 учуру катталды. Мындан тышкары, 85 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери бейтаптардын жалпы саны 40 миң 488, каза тапкандар 421, сакайып чыккандар 29719 жетти.

 

Фото: tvsamara.ru


×