Казакстанда бир суткада коронавирусту 602 адам жуктурду

Казакстанда  бир суткада коронавирусту 602 адам жуктурду

Өткөн суткада дагы 438 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 110 миң 382 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 602 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 121 миң 653 түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал:

Нур-Султан шаары - 15235 (+33)

Алматы шаары - 15289 (+36)

Шымкент шаары - 5297 (+5)

Акмола облусу - 4317 (+33)

Актөбе облусу - 3420 (+8)

Алматы облусу  - 5398 (+24)

Атырау облусу - 11449 (+14)

Чыгыш Казакстан облусу - 13926 (+221)

Жамбыл облусу  - 4264 (+6)

Батыш Казакстан облусу - 7527 (+28)

Караганды облусу  - 10841 (+20)

Костанай облусу - 4371 (+57)

Кызылорда  - 3269 (+1)

Маңгыстау  - 3416

Павлодар - 5083 (+50)

Түндүк Казакстан облусу - 5107 (+61)

Түркестан облусу - 3444 (+5).

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери менен пневмониянын 23  жана 1 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 54 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери бейтаптардын жалпы саны 40 миң 220 адам, каза тапкандар 421, сакайып чыккандардын саны 29 634 жетти.

 

Фото: lada.kz


×