К. Токаев менен В. Путин Казакстанда биргелешкен вакциналарды чыгаруу маселесин талкуулады

К. Токаев менен В. Путин Казакстанда биргелешкен вакциналарды чыгаруу маселесин талкуулады

Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин Казакстанда биргелешкен вакциналарды өндүрүү маселесин талкуулашты. Мамлекет башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда эки өлкө ортосундагы  кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде коронавирус пандемиясына каршы биргелешип күрөшүү темаларына көңүл бурулду. Ошондой эле тараптар Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыктарын жана Тоолуу Карабактагы акыркы окуяларды талкуулашты, деп билдирет Акорда. Касым-Жомарт Токаев Азербайжан менен Армениянын ортосунда кагылышуу болгон аймакта согуш аракеттерин жана бардык аскерий аракеттерин токтотуу тууралуу келишимге жетишүү боюнча Орусиянын, анын ичинде Владимир Путиндин ишмердүүлүгүн жогору баалады.

«Орусиянын жигердүү кийлигишүүсү менен ушуга чейинки узак жылдарга созулган чыр-чатактардын бир бүтүмгө келишин камсыз кылган Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу тууралуу жасалган келишимдин мааниси чоң. Кызыктар тараптар биргелешкен билдирүүнүн шарттарын аткарат деп үмүттөнөм», – деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

 

Фото: akorda.kz


×