Казакстанда COVID-19 илдетинин жаңы 587 учуру аныкталды

Казакстанда COVID-19 илдетинин жаңы 587 учуру аныкталды

Өткөн суткада дагы 245 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 108 миң 632 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 587 учуру аныкталды. Муну менен өлкөдөгү жалпы бейтаптардын  саны 118 миң 491 түздү.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14973 (+47)

Алматы шаары - 15050 (+30)

Шымкент шаары - 5278 (+8)

Акмола облусу - 4143 (+39)

Актөбе облусу - 3385 (+8)

Алматы облусу - 5285 (+16)

Атырау облусу - 11385 (+12)

Чыгыш Казакстан облусу - 12763 (+231)

Жамбыл облусу - 4236 (+6)

Батыш Казакстан облусу - 7352 (+28)

Караганды облусу - 10753 (+16)

Костанай  - 4106 (+57)

Кызылорда  - 3264 (+2)

Маңгыстау  - 3411 (+1)

Павлодар  - 4836 (+49)

Түндүк Казакстан - 4841 (+35)

Түркестан - 3430 (+2)

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери менен пневмониянын 188 жана 2 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 65 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери жалпы бейтаптардын саны 39 миң 545, каза тапкандар 412, ал эми сакайып чыккандардын саны 29351 жетти.

 

Фото: tengrinews.kz


×