Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 118 миңге жакындап калды

Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу Акмола облусунда чектөө чаралары күчөтүлдү. Жетинин айынын 13 баштап Көкшетауга чет өлкөдөн келген жарандар ПЧР аныктамасы менен гана кире алышат. Тест  акыркы 3 күндүн ичинде алынышы керек. Бул аймактын башкы санитардык дарыгеринин карантиндик талаптарды күчөтүү боюнча жаңы буйругу менен бекитилген. Ага ылайык, Көкшетаулыктардын шаар ичинде кечки саат 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин жарандардын кыймылына  чектөө коюлду. Ал эми аймагы 500 чарчы метрден ашкан соода жайлары дем алыш күндөрү иштебейт. Мындан тышкары, аймакта беткап тагынуу жана коомдук иш-чараларга тыюу салуу күчүндө калат.

АЙНАГҮЛ МУСИНА, ОБЛУСТУН БАШКЫ САНИТАРДЫК ДАРЫГЕРИ:

- Көкшетаудан башка калктуу-конуштарда саат 23:00дөн 6:00гө аралыгында адамдардын кыймылы чектелет. Ал эми 65 жаштан жогору адамдарга себепсиз сыртка чыгууга болбойт. Ошондой эле коомдук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу режими сакталат.

Ал эми жетинин айынын 12 баштап санитардык бекеттер Костанай облусунун аймагында коюлат. Аймакта карантиндик режим гана эмес, мониторингдик топтордун ишин дагы күчөтүү мерчемделген. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Мындан тышкары, катаал карантин жетинин айынын 25 чейин Чыгыш Казакстан облусунда киргизилди. Аймакта 15 санитардык бекет бар, алар сырттан кирип-чыгууну текшерип турат.

Белгилей кетсек, өткөн суткада коронавирус инфекциясынын жаңы 568 учуру катталды. Эң көп жуктуруу Чыгыш Казакстан, Костанай, Павлодар жана Акмола облустарында катталды.

Графика

Алматыда - 15020 (+30),

Нур-Султан шаарында -14926 (+37),

Чыгыш Казакстан облусунда - 12532 (+237),

Атырау облусунда - 11373 (+7),

Караганды облусунда - 10737 (+12),

Батыш Казакстан облусунда - 7324 (+24),

Шымкент шаарында -5270 (+3)

Алматы облусунда - 5269 (+14),

Түндүк Казакстан облусунда - 4806 (+30),

Павлодар облусунда - 4787 (+52),

Жамбыл облусунда - 4230 (+5),

Акмола облусунда - 4104 (+45),

Костанай облусунда - 4049 (+61),

Түркестан аймагында - 3428 (+2),

Маңгыстау облусунда - 3410 (+2),

Актөбе облусунда, -3377 (+7)

Кызылорда облусунда -3262 (+0)

Эскерте кетсек,  Казакстанда COVID-19 илетин жуктургандардын саны 118 миңге жакындап калды.

 

Фото: finance.kz


×