Казакстан: коронавирустан 108 миң 387 адам айыкты

Казакстан: коронавирустан 108 миң 387 адам айыкты

Өткөн суткада дагы 218 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 108 миң 387 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин жаңы 568 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 117 миң 904 түздү.

Аймактар ​​боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14926 (+37)

Алматы шаары - 15020 (+30)

Шымкент шаары - 5270 (+3)

Акмола облусу - 4104 (+45)

Актөбе облусу - 3377 (+7)

Алматы облусу - 5269 (+14)

Атырау облусу - 11373 (+7)

Чыгыш Казакстан облусу - 12532 (+237)

Жамбыл облусу - 4230 (+5)

Батыш Казакстан облусу - 7324 (+24)

Караганды облусу - 10737 (+12)

Костанай - 4049 (+61)

Кызылорда - 3262

Маңгыстау - 3410 (+2)

Павлодар - 4787 (+52)

Түндүк Казакстан - 4806 (+30)

Түркестан - 3428 (+2)

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери менен пневмониянын 242 учуру катталды. Мындан тышкары 83 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери жалпы бейтаптардын саны 39 357 болсо, каза тапкандар 410, сакайып чыккандардын саны 29 286 жетти.

 

Фото: ont.by


×