Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 108 миңден ашты

Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 108 миңден ашты

Өткөн суткада дагы 326 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 108 миң 169 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин  564 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 117 миң 336 түздү.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14889 (+22)

Алматы шаары - 14990 (+24)

Шымкент шаары - 5267 (+1)

Акмола облусу - 4059 (+44)

Актөбе облусу - 3370 (+2)

Алматы облусу - 5255 (+17)

Атырау облусу - 11366 (+7)

Чыгыш Казакстан облусу - 12295 (+245)

Жамбыл облусу - 4225 (+5)

Батыш Казакстан облусу - 7300 (+26)

Караганды облусу - 10725 (+14)

Костанай  - 3988 (+63)

Кызылорда  - 3262

Маңгыстау  - 3408

Павлодар облусу - 4735 (+47)

Түндүк Казакстан - 4776 (+46)

Түркестан - 3426 (+1)

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар  пневмониянын 11  жана 1 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 21 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери жалпы бейтаптардын саны 39 миң 115, каза тапкандар 410, ал эми сакайып чыккандардын саны 29 миң 203 жетти.

 

Фото: astrakhan.su


×