Коронавирустан 107 миң 339 казакстандык айыкты

Коронавирустан 107 миң 339 казакстандык айыкты

Өткөн суткада дагы 200 адам коронавирустан айыгып чыкканы белгилүү болду. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 107 миң 339 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө  COVID-19 илдетинин  591 учуру  аныкталды. Өлкөдөгү бейтаптардын жалпы саны 114 миң 826 түздү.

Аймактар ​​боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14744 (+34)

Алматы шаары - 14880 (+30)

Шымкент шаары - 5254 (+5)

Акмола облусу - 3892 (+30)

Актөбе - 3347 (+6)

Алматы облусу - 5205 (+10)

Атырау облусу - 11335 (+9)

Чыгыш Казакстан облусу - 11190 (+250)

Жамбыл облусу - 4207 (+4)

Батыш Казакстан облусу - 7142 (+49)

Караганды облусу - 10662 (+20)

Костанай - 3753 (+49)

Кызылорда - 3262

Маңгыстау - 3405

Павлодар облусу - 4500 (+68)

Түндүк Казакстан облусу  - 4627 (+25)

Түркестан - 3421 (+2)

Мындан сырткары, өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 231 учуру катталды. 51 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 38721 түзүп, 406 адам көз жумду. Ал эми сакайып чыккандардын саны 29014 кишиге жетти.

 

Фото: pravda.if.ua


×