107 миң 339 казакстандык коронавирустан сакайды

107 миң 339 казакстандык коронавирустан сакайды

Казакстанда акыркы суткада дагы 200 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды.  Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 107 миң 339 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 591 адамдан  аныкталды. Өлкөдөгү бейтаптардын жалпы саны 114 миң 826 түздү.

Аймактар ​​боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14744 (+34)

Алматы шаары - 14880 (+30)

Шымкент шаары - 5254 (+5)

Акмола облусу - 3892 (+30)

Актөбе - 3347 (+6)

Алматы облусу - 5205 (+10)

Атырау облусу - 11335 (+9)

Чыгыш Казакстан облусу - 11190 (+250)

Жамбыл облусу - 4207 (+4)

Батыш Казакстан облусу - 7142 (+49)

Караганды облусу - 10662 (+20)

Костанай - 3753 (+49)

Кызылорда - 3262

Маңгыстау - 3405

Павлодар - 4500 (+68)

Түндүк Казакстан - 4627 (+25)

Түркестан - 3421 (+2)

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 231 учуру  катталды. Мындан тышкары, 51 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери жалпы бейтаптардын саны 38721 түзүп, 406 өлүм катталды. Сакайып чыккандардын саны 29014 жетти.

 

Фото: liter.kz


×