Нур-Султанда коронавирус кайрадан күч алууда

Нур-Султанда коронавирус кайрадан күч алууда

Казакстандын борборунда коронавируска чалдыгуу учурларынын саны көбөйдү. Акыркы жумада ал дээрлик 30 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгери Жанна Пралиева билдирди. Анын айтымында, өсүш бир айдан бери байкалууда. Адис буга тургундардын алдын алуу иш-чараларын аткарбай жатканы себеп болууда деген ишенимде. Ошол эле учурда, инфекцияны жуктуруу кырк жана андан жогорку жаштагы жарандар арасында көп катталууда. Маалыматка ылайык,  мектеп окуучуларынын арасында да жуктуруу учурлары аз эмес. Окуу жылы башталгандан бери борбор калаада 47 окуучу илдетке чалдыккан. Ошондуктан, санитардык дарыгерлер ушул айда карантинди жеңилдетүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эместигин айтышууда.

ЖАННА ПРАЛИЕВА, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН БАШКЫ САНИТАРДЫК ДАРЫГЕРИ:

- 2020-жылдын жетинин айынын төртүнө карата 14 миң 709 коронавирус инфекциясы катталды (анын ичинен 9030 илдеттин белгилери бар жана 5679 белгилери жок). Шаарда  илдетке чалдыгуу көрсөткүчү республикалык орточо көрсөткүчтөн 2,1 эсе жогору жана 100 миң калкка 1273 учуру туура келет. 14 миң 709 учурдун ичинен 200 сырттан келген, 10 миң 523 жергиликтүү, ал эми 3986 байланышта болгон адамдар. Жалпысынан 18 миң 774 байланышта болгон адам аныкталды, бүгүнкү күнгө карата 17 миң 766 адам карантинден чыгарылды.

 

Фото: kapital.kz


×