Коронавирустук инфекция учурундагы кош бойлуулук

Коронавирустук инфекция учурундагы кош бойлуулук

Өнөкөт оорулары бар адамдар, жаш балдар менен улуу муундагы кары адамдар. Коронавирус илдети аталган адамдарда өтө оор өтүшү мүмкүн. Аны менен катар адистер кооптуу тобокел тобуна  кош бойлуу аялдарды да кошот. Себеби, кош бойлуу аялдын денеси ансыз деле алсыз болуп, илдетти жуктуруп алуу оңой. Андыктан иммунитетти көтөрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Дарыгерлердин айтымында, сергек жашоо принциптерин сактап, эс алууга жана тамактанууга өзгөчө көңүл буруу керек. Эгерде кош бойлуу кезинде бейтап коронавирусту жуктуруп алса, анда ал катуу көзөмөлгө алынат. Анын өзүнүн себептери бар.

ЖУПАР НАХАНОВА, ЖОГОРКУ КАТЕГОРИЯДАГЫ АКУШЕР-ГИНЕКОЛОГ:

 - Эгерде үч айга чейин болсо, анда биз айтып жаткан инфекциялар жөнүндө сөз кылабыз. Бул үч айга чейин созулушу мүмкүн. Мисалы, өсүүнүн кемчиликтери болушу ыктымал. Баланын өпкөсүндө, бөйрөгүндө жана жүрөгүндө өсүү кемтиги болот. Ал эми биз муну  органогенез, эмбриогенез деп атайбыз. Анткени, эмбрион толук калыптанып, түйүлдүккө айланат. Ал эми кийинки жумаларда балдарга жукпашы да мүмкүн. Ал нерсе  төрөгөндөн кийин гана белгилүү болот. Аш болумдуу тамак жеген жакшы. Мисалы, жумуртка, эт, айран жана сүт. Кымызды да ичүүгө болот. Бал менен имбирди жеш керек. Аялдарга жардам берген эң жакшы нерселердин бири - апельсин ширесинде С витамини көп. Андан кийин анар ширесин ичкен жакшы.

 

Фото: sjdhospitalbarcelona.org


×