Коронавирус инфекциясынын алдын алуу чаралары

Коронавирус инфекциясынын алдын алуу чаралары

Учурда Казакстан коронавирустук инфекциясынын экинчи толкунуна даярдык көрүүнүн үстүндө. Бүгүнкү күндө өлкө компьютердик томография шаймандары менен толук жабдылган. Бул тууралуу Улуттук жүрөк хирургия борборунун радиология бөлүмүнүн башчысы Таирхан Даутов билдирди. Аталган шайман коронавирустук инфекциянын баштапкы этабын аныктоочу бирден-бир курал болуп саналат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөлөрүнө ылайык, Казакстанда 180 компьютердик томография аппараты болушу керек. Бүгүнкү күндө өлкөдө 210 шайман бар. Алар облус борборунда гана эмес, райондордо да жетиштүү көлөмдө.

ТАИРХАН ДАУТОВ, УЛУТТУК КАРДИОЛОГИЯ БОРБОРУНУН РАДИОЛОГИЯ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ, МЕДИЦИНА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Коронавирустук инфекциянын биринчи толкуну учурунда эл дүрбөлөңгө түшүп, адамдар компьютердик томографиядан өтүү үчүн узун кезекке турушканы эсибизде.  Эми шаймандардын жетишсиздик маселеси жок. Жугуштуу оорулар клинкасы аталган шаймандар менен толук  жабдылган. Белгилей кетүүчү нерсе, акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн аркасында ар бир адам өз клиникасында компьютердик томографиядан акысыз өтө алышат.

Аны менен катар, адис жарандарга азыркы стабилдүү кырдаалга карабастан коопсуздук эрежелерин эстен чыгарбоого чакырат.

ТАИРХАН ДАУТОВ, УЛУТТУК КАРДИОЛОГИЯ БОРБОРУНУН РАДИОЛОГИЯ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ, МЕДИЦИНА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Туура тамактануу керек. Мен С витамини бар азыктарды көп колдонуу керек деп айтат элем, мисалы лимон. Баса, иммундук системаны иммуномодулятордун жардамы менен да чыңдоого болот. Анан эң башкысы, адамдар дүрбөлөңгө түшүп, коркпошу керек. Адам корккондо да иммунитети түшүп кетет.


×