Казакстанда 106 миң 893 адам коронавирустан айыкты

Казакстанда 106 миң 893 адам коронавирустан айыкты

Өткөн суткада дагы 177 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 106 миң 893 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө  COVID-19 илдетинин 432 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 113 миң 741 адамды түздү.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14675 (+31)

Алматы шаары - 14825 (+23)

Шымкент шаары - 5241 (+1)

Акмола облусу - 3833 (+28)

Актөбе облусу - 3335 (+5)

Алматы облусу - 5188 (+13)

Атырау облусу - 11318 (+9)

Чыгыш Казакстан  - 10718 (+197)

Жамбыл облусу - 4199 (+4)

Батыш Казакстан  - 7064 (+14)

Караганды облусу - 10622 (+16)

Костанай облусу - 3686 (+17)

Кызылорда облусу - 3262

Мангыстау облусу- 3405

Павлодар облусу - 4382 (+41)

Түндүк Казакстан - 4570 (+33)

Туркестан облусу - 3418

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмониянын 269 учуру жана 1 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 63 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери жалпы бейтаптардын саны 38 281, каза тапкандар 405, ал эми сакайып чыккандардын саны 28 899 жетти.

 

Фото: rus.azattyq-ruhy.kz


×