106 миң 716 казакстандык коронавирустан айыкты

106 миң 716 казакстандык коронавирустан айыкты

Өткөн суткада дагы 202 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 106 миң 716 адамга жетти. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 449 учуру аныкталды. Өлкөдөгү бейтаптардын жалпы саны 113 мин 309.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14644 (+19)

Алматы шаары - 14802 (+25)

Шымкент шаары - 5240

Акмола облусу - 3805 (+28)

Актөбе облусу - 3330 (+5)

Алматы облусу - 5175 (+17)

Атырау облусу - 11309 (+7)

Чыгыш Казакстан - 10521 (+226)

Жамбыл облусу - 4195 (+4)

Батыш Казакстан  - 7050 (+13)

Караганды облусу - 10606 (+16)

Костанай облусу - 3669 (+15)

Кызылорда облусу - 3262

Маңгыстау облусу - 3405

Павлодар облусу - 4341 (+40)

Түндүк Казакстан - 4537 (+34)

Түркестан облусу - 3418

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 9 жана 2 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 17 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери бейтаптардын жалпы саны 38012, каза тапкандар 404, ал эми сакайып чыккандардын саны 28 836 адамга жеткен.

 

Фото: informburo.kz


×