Коронавирус жуктуруунун эң көп учуру Чыгыш Казакстанда катталууда

Коронавирус жуктуруунун эң көп учуру Чыгыш Казакстанда катталууда

Өткөн суткада коронавирустук инфекциясын жуктурган 442 учур катталды. Ошентип, аталган илдетке чалдыккандардын жалпы саны 112 миң 860 адамга жетти. Коронавирус инфекциясынын таралышы айрыкча Чыгыш Казакстан облусунда курчуп бара жатат. Аймакта бир күндө 245 адамдан COVID-19 илдети аныкталган.

Региондордогу эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Алматыда - 14777 (+21),

Нур-Султанда -14625 (+28),

Атырау облусунда - 11302 (+3),    

Караганды облусунда - 10590 (+16),

Чыгыш Казакстанда - 10295 (+245),

Батыш Казакстанда - 7037 (+13),

Шымкент шаарында - 5240 (+0),

Алматы облусунда - 5158 (+2),

Түндүк Казакстанда  - 4503 (+35),

Павлодар облусунда - 4301 (+30),

Жамбыл облусунда - 4191 ( +3),

Акмола облусунда - 3777 (+27),

Костанай облусунда - 3654 (+13),

Түркестан облусунда - 3418 (+0),

Маңгыстау облусунда - 3405 (+2),

Актөбе облусунда -3325 (+4),

Кызылорда -3262 (+0).

Аны менен катар, эпидемиядан айыгып жаткандардын саны да артып келүүдө. Өткөн суткада 114 адам коронавирус инфекциясынан сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө жалпы 106 миң 514 адам COVID-19 илдетинен айыкты.

Ошондой эле, өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пнемониянын 41 учуру катталды. Мындан тышкары, 32 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери жалпы бейтаптардын саны 38003 түзүп, 402 өлүм катталып, сакайып чыккандардын саны 28819 жетти.

 

Фото: baigenews.kz


×