Алматылык кардиохирургдар аорталык клапандын стеноз операциясынын жаңы ыкмасын өздөштүрүүдө

Алматылык кардиохирургдар аорталдык клапанын жасалма клапанга алмаштыруунун заманбап ыкмасын өздөштүрүп жатышат. Кардиология жана ички оорулар илим-изилдөө институтунун адистери мындай эки операция жасашты. Бул ыкманын өзгөчөлүгү - хирургдар көөдөн тешиктерине тилик жасабайт. Башкача айтканда, жүрөккө ачык түрдө операция жасоого тыюу салынган улуу муундагы адамдарга арналган. Операциядан кийин бейтаптар өздөрүн абдан жакшы сезишет, дейт дарыгерлер.

АЛЕКСЕЙ КОЛЕСНИКОВ, РЕНТГЕНЭНДОВАСКУЛЯРДЫК ОПЕРАЦИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бүгүн биз жалпы наркозу жок 2 операция жасадык. Перифериялык жамбаш артериясында кичинекей тилик жасалды. Тагыраак айтканда, бул перифериялык артерия. Андан кийин кысылган абалдагы клапан дененин тартылган жерине жеткирилет.

Ар бир операция бир жарым саатка созулду. Бул убакыт аралыгында түркиялык профессор казак хирургдарына кеңеш берип турду.

ЕРТУГРУЛ ОКУЯН, ПРОФЕССОР:

- Бул клапан абдан маанилүү. Башкача айтканда, ал жабык болгондо кычкылтекке каныккан кан эч жакка кетпей калат.  Мээге, боорго, жада калса бөйрөккө да барбайт. Ошондуктан  бул органдар жабыркайт. Мындай учурда бейтаптардын өлүм коркунучу жогорулайт. Аларды сактап калуунун бирден-бир жолу – операция. Менин бул жердеги кесиптештерим мындай  операцияларды эми өздөрү жасай алышат деп ишенем.

Мындай операцияларды жасоо медициналык жардамдын сапатын арттырат, дешет адистер. Быйыл кардиология жана ички оорулар илимий-изилдөө институтунун адистери ушундай 10 операция жасоону мерчемдөөдө.

 

Фото: freepik.com


×