Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин өстү

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин өстү

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйдү. Өткөн суткада 268 адамдан коронавирус илдети ПЧР-тести аркылуу аныкталды, бул мурунку күнгө караганда эки эсе көп. Өзгөчө Чыгыш Казакстан облусунда илдетке чалдыккандардын саны кескин өскөн. Аймакта бир күндө 139 адамдан кооптуу инфекция тастыкталган. Учурда өлкөдө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 111 миң 100 жетти.

Мындан тышкары, COVID-19 белгилери бар пневмония менен ооругандардын саны да өсүүдө. Өткөн суткада 174 учур катталса, эпидемиядан 1 бейтап каза болгон.

Белгилей кетсек, кооптуу илдетти жеңип чыккан адамдардын саны да өсүүдө. Өткөн суткада 176 адам коронавирус инфекциясынан айыкты. Ушул убакытка чейин 106 миңден ашуун адам COVID-19 илдетинен арылды.

 

Фото: kp.kz


×