Гамма-камера катасыз диагноз коюуга мүмкүндүк берет

Кардиология жана ички оорулар илимий-изилдөө институтунда өзгөчө аппарат - гамма-камера ишке кошулду. Муну менен жүрөктүн кайсы жери жакшы, кайсы жери кан менен жакшы эмес камсыздалгандыгын анык көрүүгө болот. ​​ Түзмөк видео-көрүнүштү жазып алып, дароо компьютерге көчүрөт.  Андан кийин бейтапка конкреттүү диагноз коюлуп,  дарылоо ыкмасы дайындалат.  61 жаштагы Николай Солохитдинов эч кандай кошумча изилдөөсү жок аталган аппарат менен текшерүүдөн өткөн.

НИКОЛАЙ СОЛОХИТДИНОВ, ШААР ТУРГУНУ:

- Бул эки-үч мүнөттүн ичинде жасала турган нерсе эмес. Бир аз жатуу керек. Кандай дарылоо керектигин аныктап, туура диагноз коюп бере турганын түшүнөсүң. Бир жолу текшерилдим. Эч кандай ыңгайсыздык болгон жок.

Изилдөөнүн жыйынтыгында бейтапка операция жасалышы керектиги аныкталды. Эми анын жүрөк булчуң эттерине кандын керектүү өлчөмдө келүүсү, кан-тамырларынын нормалдуу иштеши камсыз кылынат.

КАЙРАТ МУРЗАЛИН, ФУНКЦИОНАЛДЫК УЛЬТРАДЫБЫШТЫК  ЖАНА  НУРДУУ  ДИАГНОСТИКА ЖАСОО БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул жүрөктүн ишемия оорусун аныктоого мүмкүндүк бере турган бирден-бир ыкма. Ошондой эле жүрөктү дарылоо менен ага жасала турган операциялардын сапатын жогорулатат. Жүрөк миокарды, башкача айтканда булчуң этинде кемтиктери бар адамдардын бардыгы биздин бейтаптар категориясына кирет. Биз аларды дарылоо үчүн алгач так диагноз коюп, аны хирургиялык ыкма менен  дарылоо керекпи же кандай дары-дармек берүү керектигин билебиз.

Текшерүү жараяны кыйын эмес. Бейтаптын организмине сайылган атайын дары кан-тамыр аркылуу жүрөккө барат. Гамма-камера менен карап отурган дарыгер бардыгын компьютерден 3D аркылуу көзөмөлдөп турат. Түркүн-түстүү көрүнүштөрдөн жүрөк булчуң этинин кан менен канчалык деңгээлде камсыз кылынганын көрүүгө болот.  Бул ыкма дарылоонун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

 

Фото: livemd.ru


×