Казакстан: коронавирустан 105 миң 675 адам айыкты

Казакстан: коронавирустан 105 миң 675 адам айыкты

Акыркы суткада Казакстанда коронавирус илдетинен 57 адам айыгып чыкты. Өлкө боюнча кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын  жалпы саны 105 миң 675 түздү. Ошондой эле өткөн суткада 140 адамдан коронавирус илдети ПЧР-тест аркылуу аныкталды.  Жалпы республика боюнча бейтаптардын саны 110  миң 542.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14433 (+23)

Алматы шаары - 14662 (+15)

Шымкент шаары - 5225

Акмола облусу - 3634 (+14)

Актөбе облусу - 3285 (+4)

Алматы облусу - 5089 (+8)

Атырау облусу - 11257 (+3)

Чыгыш Казакстан облусу - 9167 (+25)

Жамбыл облусу - 4172 (+3)

Батыш Казакстан облусу - 6966 (+5)

Караганды  - 10500 (+10)

Костанай - 3587 (+6)

Кызылорда облусу - 3252

Маңгыстау  - 3385 (+1)

Павлодар облусу - 4156 (+12)

Түндүк Казакстан облусу - 4364 (+9)

Түркестан облусу - 3408 (+2)

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмониянын 26 жана 1 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 71 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери жалпы катталган бейтаптар саны 36921, каза болгондор  394, ал эми сакайып чыккандардын саны 28531 жетти.

 

Фото: belta.by


×