Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны өстү

Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны өстү

Коронавирустун жаңы учурларынын катталышы боюнча Алматы чоң  айырма менен алдыга чыкты. Бул жерде өткөн суткада өлүмгө алып келген илдетти жуктуруп алган 44 учур катталган.  Жугуштуу оорунун 20 учуру Казакстандын борборунда, Чыгыш Казакстан облусунда жана Павлодар облусунда аныкталды. Караганды облусу 16 учур менен алдыңкы үчтүктү толуктайт.

Жалпысынан республиканын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 сааттын ичинде дагы 179 казакстандыкка коронавирус диагнозу коюлган. Жаңы учурлар аныкталбаган жалгыз аймак - бул Түркестан облусу болду.

Жалпысынан өлкө боюнча 110 миң 86 учур тастыкталды, анын ичинен:

Алматы шаарында - 14607 (+44),

Нур-Султан шаарында - 14373 (+20),

Атырау облусунда - 11241 (+9),

Караганды облусунда - 10464 (+16),

Чыгыш Казакстан облусунда - 9090 (+20),

Батыш Казакстанда  - 6943 (+8),

Шымкент шаарында - 5220 (+1),

Алматы облусунда - 5059 (+6),

Түндүк Казакстан облусунда - 4336 (+10),

Жамбыл облусунда - 4163 (+3),

Павлодар облусунда - 4115 (+20),

Акмола облусунда - 3598 (+10),

Костанай облусунда - 3568 (+6),

Түркестан аймагында - 3400 (+0),

Маңгыстау облусунда - 3377 (+2),

Актөбе облусунда - 3280 (+2),

Кызылорда облусунда - 3252 (+2)

COVID-19 илдетинен айыккандардын саны да өсүүдө. Өткөн суткада илдеттен 108 казакстандык сакайып чыкты.  Жалпысынан бул кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 105 миңден ашты.

Казакстанда 108 адам коронавирустук инфекциядан айыкты:

Нур-Султан шаарында - 7,

Алматы шаарында - 7,

Актөбе облусунда - 1,

Атырау облусунда - 38,

Жамбыл облусунда - 10,

Караганды облусунда - 10,

Костанай облусунда - 2,

Павлодар облусунда - 10,

Түндүк Казакстан облусунда - 23.

 

Фото: ria.ru


×