Алматыда жүрөктүн согушун калыбына келтирүүчү уникалдуу операция жасалды

Медицинадагы инновация. Алматыдагы Кардиология жана Ички оорулар илимий-изилдөө институтунда жүрөктүн согушунун бузулуусун толугу менен калыбына келтирүүчү уникалдуу операция жасалды. Жаңы технология боюнча, жамбаштын муунуна коюлган катетер аркылуу аритмия очогу аныкталып, жүрөк ритми калыбына келтирилет. Аталган институтта жаңы ыкма менен эки бейтапка операция жасалды.

РОИН РЕКВАВА, АРИТМОЛОГ:

- Бул катетерде микрочиптери көрүнбөйт. Ал ичинде жайгашкан. Курал керектүү аймакты таап, аны экрандан көрсөтөт. Бул бизге таза ткандарга зыян келтирбестен, жүрөктөгү аритмия очогун гана алып салууга мүмкүндүк берет. Бул ыкма натыйжалуу жана коопсуз.

Аритмияны эски ыкма менен дарылоо кыйын болчу, дешет адистер. Инновациялык катетер бейтаптын инсультка кабылуу коркунучун азайтып, жүрөктүн иштебей калышын алдын алат. Ошондой эле рентген нурларынын бейтаптын организмине тийгизген таасирин болушунча азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Уникалдуу операцияга келечектеги дарыгерлер да көз салып турду.

ГҮЛНАЗ ДҮСЕКЕЕВА, РЕЗИДЕНТ:

- Бүгүн өзгөчө кесиптик чеберчилик сабагы болду. Ушу операцияга алгачкылардан болуп катышканыма кубанычтамын. Аритмия оорусуна чалдыккан бейтапка буга чейин шунттоо жасалчу. Жаңы технология мындай бейтаптарды оорудан тез айыктырат.

Операциядан кийин бейтап бир күндө калыбына келет, дешет дарыгерлер. Жүрөктүн согушунун  катуу бузулушун айыктыруучу операция акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмү жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу алкагында акысыз жасалат.

 

Фото: almaty.tv


×