Коронавирус: 105 миң 145 казакстандык айыкты

Коронавирус: 105 миң 145 казакстандык айыкты

Өткөн суткада дагы 115 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 105 миң 145 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 115 учуру  аныкталды. Өлкөдөгү жалпы  бейтаптардын саны 109 миң 623 түздү.

Аймактар ​​боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 14309 (+13)

Алматы - 14539 (+12)

Шымкент - 5216 (+3)

Акмола облусу - 3573 (+6)

Актөбө облусу - 3270 (+1)

Алматы облусу - 5028 (+4)

Атырау облусу - 11209 (+10)

Чыгыш Казакстан облусу - 9030 (+18)

Жамбыл облусу - 4155 (+2)

Батыш Казакстан облусу - 6924 (+5)

Караганды облусу - 10416 (+16)

Костанай - 3552 (+5)

Кызылорда - 3249 (+1)

Маңгыстау  - 3372

Павлодар облусу - 4073 (+11)

Түндүк Казакстан облусу - 4309 (+8)

Түркестан облусу - 3399

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 15 жана 5 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 16 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери жалпы бейтаптардын саны 35980 түзүп, 387 өлүм учуру катталды, сакайып  чыккандардын саны 28239 жетти.

 

Фото: liga.net


×