COVID-19: 104 миң 801 казакстандык айыкты

COVID-19: 104 миң 801 казакстандык айыкты

Акыркы суткада дагы 276 адам коронавирустан сакайып чыкканы кабарланды. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 104 801 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 108 учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 109 202 түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 14247 (+16)

Алматы шаары - 14495 (+12)

Шымкент шаары - 5209

Акмола облусу - 3550 (+6)

Актөбе  облусу- 3264 (+3)

Алматы облусу  - 5008 (+5)

Атырау  облусу - 11178 (+6)

Чыгыш Казакстан облусу - 8976 (+10)

Жамбыл  облусу - 4151 (+2)

Батыш Казакстан облусу - 6903 (+5)

Караганды  - 10376 (+7)

Костанай  облусу - 3534 (+4)

Кызылорда облусу - 3245

Маңгыстау облусу - 3370 (+3)

Павлодар облусу - 4027 (+12)

Түндүк Казакстан облусу - 4271 (+14)

Түркестан облусу - 3398 (+3)

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 166 жана 2 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 58 адам сакайып чыкты.

Баш оона айынын биринен бери жалпы бейтаптардын саны 35 559, каза тапкандар 376, ал эми айыгып чыккандардын саны 28 118 жетти.

 

Фото: inform.kz